+ -

عَنْ أَبِي سَعِيدٍ الخُدْرِيِّ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ:
«يُؤْتَى بِالْمَوْتِ كَهَيْئَةِ كَبْشٍ أَمْلَحَ، فَيُنَادِي مُنَادٍ: يَا أَهْلَ الجَنَّةِ، فَيَشْرَئِبُّونَ وَيَنْظُرُونَ، فَيَقُولُ: هَلْ تَعْرِفُونَ هَذَا؟ فَيَقُولُونَ: نَعَمْ، هَذَا المَوْتُ، وَكُلُّهُمْ قَدْ رَآهُ، ثُمَّ يُنَادِي: يَا أَهْلَ النَّارِ، فَيَشْرَئِبُّونَ وَيَنْظُرُونَ، فَيَقُولُ: وهَلْ تَعْرِفُونَ هَذَا؟ فَيَقُولُونَ: نَعَمْ، هَذَا المَوْتُ، وَكُلُّهُمْ قَدْ رَآهُ، فَيُذْبَحُ ثُمَّ يَقُولُ: يَا أَهْلَ الجَنَّةِ خُلُودٌ فَلاَ مَوْتَ، وَيَا أَهْلَ النَّارِ خُلُودٌ فَلاَ مَوْتَ، ثُمَّ قَرَأَ: {وَأَنْذِرْهُمْ يَوْمَ الحَسْرَةِ إِذْ قُضِيَ الأَمْرُ وَهُمْ فِي غَفْلَةٍ} [مريم: 39]، وَهَؤُلاَءِ فِي غَفْلَةٍ أَهْلُ الدُّنْيَا {وَهُمْ لاَ يُؤْمِنُونَ} [مريم: 39]».

[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح البخاري: 4730]
المزيــد ...

Абу Саид аль-Худри, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Өлүм ала түстүү кочкордун кейпиндей болуп алып келинет. Ошондо бир чакыруучу: «Эй, бейиш ээлери» - деп чакырат. Алар баштарын көтөрүп карап калышат. Ошондо ал: «Силер муну билесиңерби?» - дейт. Алар: «Ооба, бул өлүм» - дешет, аны баары көрүшөт. Анан ал: «Эй, тозок ээлери» - деп чакырат. Алар баары баштарын көтөрүп карашат. Ал: «Силер муну тааныйсыңарбы?» дейт. Алар: «Ооба, бул өлүм» - дешет, аны баары көрүшөт. Ошондо аны союп: «Эй, бейиш ээлери! Түбөлүкө каласыңар, өлүм жок» – деп айтат. Эй, тозок ээлери! Түбөлүкө каласыңар, өлүм жок» - деп бул аятты окуду: «Аларды зыянга учураган күн менен эскерткин. Алар капылет абалда болгон учурда Кыямат болот» (Мариям: 39) Дүйнө ээлери алар ушундай капылетте болушат. «Алар ыйман келтиришпейт» - деген аятты окуду.

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих ал-Бухари - 4730]

Түшүндүрмө

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Кыямат күнү өлүмдүн ак жана кара түстүү болгон кочкордун сүрөтүндө алып келерин баяндады. Чакыруучу: «Эй бейиш ээлери!» - деп чакырат. Алар моюндарын сунуп, баштарын көтөрүп карашат. Аларга: «Силер муну билесиңерби?» - деп айтат. Алар: «Ооба, бул өлүм» - деп айтышат. Алардын баары аны көрүшөт жана билишет. Жарчы: «Эй тозок ээлери!» - деп жар салат. Алар моюндарын сунуп, баштарын көтөрүп карашат. Аларга: «Силер муну билесиңерби?» - деп айтат. Алар: «Ооба, бул өлүм» - деп айтышат. Алардын баары аны көрүшөт жана билишет. Андан кийин ал союлат, анан жарчы айтат: «Эй бейиш ээлери, өлүм болбойт, түбөлүк каласыңар. Эй тозок ээлери, өлүм болбойт, түбөлүк каласыңар». Мына ушул момундардын жыргалчылыгын арттыруу жана каапырлардын азабын көбөйтүү үчүн болот. Андан кийин Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бул аятты окуду: «Аларды зыянга учураган күн менен эскерткин. Алар капылет жана ишенбеген абалда болгон учурда Кыямат болот» (Мариям: 39) Кыямат күнү бейиш менен тозок ээлерин бөлүп коёт. Алардын баары барган жерлеринде түбөлүккө калышат. Ошондо күнөө кылып жүргөн адам жакшылык иштерин кылбаганы үчүн, ал эми ибадаттарга бекем болбогон адам жакшылык иштерин көбөйтпөгөнү үчүн катуу өкүнүшөт.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Боснияча Сингалча Индияча Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Немисче Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Сомаличе Тажикче Руандача Румынча Венгерче Чехче Малагасиче Италянча Оромочо Каннадача Азерче Өзбекче Украинче
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Адамдын акыреттеги бара турган жери түбөлүктүү бейиш же тозок болот.
  2. Кыямат күнүнүн коркунучтуулугу жана кайгыруу жана өкүнүчтүү күн экенин катуу эскертти.
  3. Бейиш ээлеринин түбөлүк бактылуулугу жана тозок элинин түбөлүк кайгысы баяндалды.
Дагы...