عن سهل بن سعد رضي الله عنه عن رسول الله صلى الله عليه وسلم قال:
«مَنْ يَضْمَنْ لِي مَا بَيْنَ لَحْيَيْهِ وَمَا بَيْنَ رِجْلَيْهِ أَضْمَنْ لَهُ الْجَنَّةَ».

[صحيح] - [رواه البخاري] - [صحيح البخاري: 6474]
المزيــد ...

Сахл ибн Саьд (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:
«Кимде-ким мага эки жаагы менен эки бутунун ортосундагы (мүчөлөрүн күнөөлөрдөн) сактаймын деп кепилдик берсе, анда мен анын Бейишке кирүүсүнө кепилдик беремин».

[Сахих (ишенимдүү)] - [Бухари жазып калтырган] - [Сахих ал-Бухари - 6474]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулман адам эки нерсеге бекем болсо, бейишке кирерин кабарлап жатат.
Биринчиси: Тилди Аллахтын каарын келтире турган сөздөрдөн сактоо.
Экинчиси: Жыныстык мүчөнү зынадан сактоо.
Анткени көптөгөн күнөөлөр ушул эки мүчө аркылуу болот.

Хадистин пайдалары

  1. Тилди жана жыныстык мүчөнү күнөөдөн сактоо бейишке кирүүгө себеп болот.
  2. Бул дүйнө жана акыретте балээнин көпчүлүгү тил жана жыныстык мүчө себептүү болгондуктан хадисте ал экөөсүн өзгөчөлөп айтты.
Котормолорду көрсөтүү
Тили: Алглисче Урдуча Испанча Дагы... (67)
Дагы...