+ -

عَنْ عَائِشَةَ أُمِّ المُؤمنينَ رضي الله عنها قَالَتْ:
كُنْتُ أَغْتَسِلُ أَنَا وَالنَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ مِنْ إِنَاءٍ وَاحِدٍ كِلاَنَا جُنُبٌ، وَكَانَ يَأْمُرُنِي، فَأَتَّزِرُ، فَيُبَاشِرُنِي وَأَنَا حَائِضٌ، وَكَانَ يُخْرِجُ رَأْسَهُ إِلَيَّ وَهُوَ مُعْتَكِفٌ فَأَغْسِلُهُ وَأَنَا حَائِضٌ.

[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح البخاري: 299]
المزيــد ...

Ыймандуулардын энеси Айша (ага Аллах ыраазы болсун) айтат:
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) экөбүз тең жунуб болгондо бир эле идиштеги сууга жуунчубуз. Менин айызым келген учурда, мени шым кийип алууга буйручу жана (кийимдин сыртынан) кучактап, жакындачу. Мечитте этикафта отурганда, менин бөлмөмө эшиктен башын чыгарчу, менин айыз көрүп жаткан учурум болсо деле, анын башын жууп берчүмүн.

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих ал-Бухари - 299]

Түшүндүрмө

Ыймандуулардын энеси Айша (ага Аллах ыраазы болсун) пайгамбарыбыз экөөнө тиешелүү кээ бир абалдары тууралуу баяндайт. Алардын кээ бири булар: Ал пайгамбарыбыз экөө жунубдуктан жуунганда бир идиштен суу алып жуунчу. Анын айызы келген кезде пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага кошулууну кааласа, киндигинен тизесине чейин кийинип алууга буйруп, анан ага кошулбастан кучактап, жакындай берчү. Дагы ал айызы келип турган учурда, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мечитте этикафта болсо, башын эшиктен анын бөлмөсүнө чыгарып, ал жууп берчү.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тайландча Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Сомаличе Руандача Румынча Венгерче Чехче الموري Малагасиче Оромочо Каннадача الولوف Украинче الجورجية
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Күйөөсү менен аялы бир идиштен жууна берсе болот.
  2. Айызы келип жаткан аялына жыныстык катыш кылбай, кучактап, жакындай берсе болот, анткени анын денеси таза.
  3. Кучактап, жакындаган учурда аялдын шым кийип алганы жакшы.
  4. Арамга кирип кетүүдөн тосуучу себептерди аткаруу зарыл.
  5. Айызы келген аял мечитте көпкө турууга тыюу салынган.
  6. Аял кишиге (айыз учурунда) өл болобу, кургак болобу, нерселерди кармоого болот, мисалы чачын жуу жана тароо сыяктуу.
  7. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аялдарына жакшы мамиле жасаган.