1. Башкы бет
  2. Категориялар
  3. Акыйда (ишеним)

Хадис Алла Таала менден мурда жиберген бардык пайгамбарлардын үммөтүндө анын сүннөтүн карманып, буйругун аткарган өзгөчө жакын чөйрөсү жана жолдоштору болгон

عَنْ عَبْدِ اللهِ بْنِ مَسْعُودٍ رضي الله عنه أَنَّ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ:
«مَا مِنْ نَبِيٍّ بَعَثَهُ اللهُ فِي أُمَّةٍ قَبْلِي إِلَّا كَانَ لَهُ مِنْ أُمَّتِهِ حَوَارِيُّونَ، وَأَصْحَابٌ يَأْخُذُونَ بِسُنَّتِهِ وَيَقْتَدُونَ بِأَمْرِهِ، ثُمَّ إِنَّهَا تَخْلُفُ مِنْ بَعْدِهِمْ خُلُوفٌ يَقُولُونَ مَا لَا يَفْعَلُونَ، وَيَفْعَلُونَ مَا لَا يُؤْمَرُونَ، فَمَنْ جَاهَدَهُمْ بِيَدِهِ فَهُوَ مُؤْمِنٌ، وَمَنْ جَاهَدَهُمْ بِلِسَانِهِ فَهُوَ مُؤْمِنٌ، وَمَنْ جَاهَدَهُمْ بِقَلْبِهِ فَهُوَ مُؤْمِنٌ، وَلَيْسَ وَرَاءَ ذَلِكَ مِنَ الْإِيمَانِ حَبَّةُ خَرْدَلٍ».

Абдуллах бин Масуд (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Алла Таала менден мурда жиберген бардык пайгамбарлардын үммөтүндө анын сүннөтүн карманып, буйругун аткарган өзгөчө жакын чөйрөсү жана жолдоштору болгон. Андан кийин алардын артынан кылбаган нерсени кылдым деп, буйрулбаган нерсени аткарган адамдар чыккан. Мындай адамдарга каршы колу менен күрөшкөн – ыймандуу, тили менен күрөшкөн – ыймандуу. Кимде-ким аларды жүрөгү менен (жек көрүп) каршы болсо, ал да ыймандуу. Мындан кийинкилеринде сары кычынын данындай да ыйманы болбойт".

Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган Сахих Муслим - 50

Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип кабарлаган: Алла Таала андан мурда жиберген бардык пайгамбарлардын үммөтүнүн арасында ал өткөндөн кийин анын ордун басууга татыктуу, ыкластуу мужахиддер жана тандалган жардамчылары болгон. Алар пайгамбарынын сүннөтүн карманган, буйругун аткарган. Бул ыймандуу, салихтерден кийин эч кандай жакшылыгы жок адамдар чыккан. Алар өздөрү кылбаган иштерди айтышат, буйрулбаган ишти кылышат. Кимде-ким ошолорго каршы колу менен жихад кылса, ал ыймандуу болот. Кимде-ким колу менен жихад кыла албай, бирок тили менен аларга каршы сүйлөп жихад кылса, ал да ыймандуу. Кимде-ким тили менен да айта албай, бирок жүрөгү менен аларды жек көрсө, ал да ыймандуу. Ал эми жүрөгү менен жек көрө албай, аларга ыраазы болгондордун жүрөгүндө сары кычынын данындай да ыйманы болбойт.

Хадистин пайдалары

  1. Шариятка сөзү менен да, кыймыл-аракети менен да каршы болгондор менен күрөшүүгө кызыктыруу.
  2. Туура эмес ишти жүрөгү менен жек көрө албастык - ыймандын алсыздыгынын же жоктугунун далили.
  3. Алла Таала пайгамбарларга алардын артынан алар алып келген динди жеткире турган адамдар аркылуу жеңилдик берген.
  4. Кимде-ким кутулууну кааласа, ал пайгамбарлардын жолун кармансын. Анткени, алардын жолунан башка жолдун баарынын акыры адашууга же кыйроого алып барат.
  5. Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жана сахабалардын доору алыстаган сайын адамдар сүннөттү таштап, напси каалоолорун ээрчип, жаңы бидааттарды пайда кылышат.
  6. Жихаддын мартабалары ар түрдүү. Өзгөртүүгө чамасы жеткен амирлер, өкүмдарлар жана жетекчилер сыяктуу адамдар колу менен жихад кылат. Андан кийинкилер акыйкатты айтып, тили менен даават кылат. Андан кийинкилер туура эмес ишти жүрөгү менен жек көрөт, аларга ыраазы болуп жакшы көрбөйт.
  7. Адамдарды жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтаруу ваажыб.

Котормолорду көрсөтүү

51 Тил
EN English الإنجليزية
UR اردو الأوردية
ES Español الإسبانية
ID Indonesia الإندونيسية
UG ئۇيغۇرچە الأيغورية
BN বাংলা البنغالية
TR Türkçe التركية
RU Русский الروسية
BS Bosanski البوسنية
SI සිංහල السنهالية
HI हिन्दी الهندية
ZH 中文 الصينية
FA فارسی الفارسية
VI Tiếng Việt الفيتنامية
TL Tagalog تجالوج
KU Kurdî الكردية
HA Hausa الهوسا
PT Português البرتغالية
ML മലയാളം المليالم
TE తెలుగు التلغو
SW Kiswahili السواحيلية
TA தமிழ் التاميلية
MY မြန်မာ البورمية
TH ไทย التايلندية
DE Deutsch الألمانية
PS پښتو بشتو
AS অসমীয়া الأسامية
SQ Shqip الألبانية
SV Svenska السويدية
AM አማርኛ الأمهرية
NL Nederlands الهولندية
GU ગુજરાતી الغوجاراتية
NE नेपाली النيبالية
LT Lietuvių الليتوانية
PRS دری الدرية
SR Српски الصربية
TG тоҷикӣ الطاجيكية
RW Kinyarwanda الكينياروندا
RO Română الرومانية
HU Magyar المجرية
MOS Moore الموري
MG Malagasy المالاجاشية
OM Oromoo الأورومو
KN ಕನ್ನಡ الكانادا
WO Wolof الولوف
UK Українська الأوكرانية
KA ქართული الجورجية
MK Македонски المقدونية
KM ភាសាខ្មែរ الخميرية
PA ਪੰਜਾਬੀ البنجابية
MR मराठी الماراثية