+ -

عَنْ أُمِّ سَلَمَةَ أُمِّ المُؤمنين رضي الله عنها: أَنَّ رَسُولَ اللهِ صلى الله عليه وسلم قَالَ:
«سَتَكُونُ أُمَرَاءُ فَتَعْرِفُونَ وَتُنْكِرُونَ، فَمَنْ عَرَفَ بَرِئَ، وَمَنْ أَنْكَرَ سَلِمَ، وَلَكِنْ مَنْ رَضِيَ وَتَابَعَ» قَالُوا: أَفَلَا نُقَاتِلُهُمْ؟ قَالَ: «لَا، مَا صَلَّوْا».

[صحيح] - [رواه مسلم]
المزيــد ...

Ыймандуулардын энеси Умму Салама (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактосу болсун) минтип айткан:
"Келечекте силер алардын кээ бир ишине ыраазы болуп, кээ бир ишинен кайтара турган башчылар чыгат. Ким алардын жаман ишин (жүрөгү менен) жактырбаса, (күнөөдөн же эки жүздүүлүктөн) кутулат. Ким аларды (тили же колу менен) кайтарса, алар менен чогуу болуудан өзүн куткарат. Бирок (алар менен күнөө жана азапта бирге болот) ким аларга ыраазы болуп, ээрчисе ". "Аларга каршы чыгалыбы?" - дешти. "Жок, намаз окушса (аларга каршы чыкпагыла)" - деди.

Сахих (ишенимдүү) - Муслим жазып калтырган.

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келечекте бизге чыга турган башчылар жөнүндө кабар берген. Алардын кээ бир иштери шариятка дал келгендиктен аларды аткарабыз. Кээ бир иштери шариятка каршы келгендиктен, аларды аткарбайбыз. Ким туура эмес ишти кайтарууга кудурети жетпегендиктен жүрөгү менен жек көрүп, четке какса, ал күнөөдөн жана эки жүздүүлүктөн кутулат. Ал эми колу же тили менен кайтарууга кудурет жетип аларды кайтарса, күнөөдөн жана аларга шериктеш болуп калуудан саламат болот. Ал эми ким аларга ыраазы болуп, алардын жаман иштерин кошо аткарса, алар туш болгон азапка туш болот.
Ошенткенде сахабалар: "Ушундай сыпаты бар башчыларга каршы чыгалыбы?" деп сурашты. Аларды андай кылуудан тыйып: "Жок, араңарда намаз окуп турушканда (аларга каршы чыкпагыла)" - деди.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Немисче Жапончо Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Гужаритиче Непалча Йорубача Дариче Сомаличе Руандача
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Келечектеги кайып иштердин кабарын берип, кийин ошол иштердин болуусу - бул, пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) пайгамбарлыгына далил болгон иштердин бири.
  2. Шариятка каршы келген ишке ыраазы болууга жана ага шериктеш болууга болбойт, тескерисинче, андан кайтаруу ваажыб.
  3. Эгерде башчылар шариятка каршы келген жаңы бир ишти пайда кылса, андай иште аларга баш ийүүгө болбойт.
  4. Мусулман башчыларга каршы чыгууга болбойт; мындан баш аламандык, кан төгүлүү, бейпилсиздик пайда болуусу мүмкүн. Күнөөкөр башчылардын туура эмес иштерине чыдоо жана алардын ыза-кордугуна сабыр кылуу кан төгүлүү ж.б.у.с. жамандыктардан жеңил.
  5. Намаздын орду жогору, ал каапырлык менен Исламды ажыратып турат.
Дагы...