+ -

عن عرفجة رضي الله عنه قال: سمعت رسول الله صلى الله عليه وسلم يقول:
«مَنْ أَتَاكُمْ وَأَمْرُكُمْ جَمِيعٌ عَلَى رَجُلٍ وَاحِدٍ، يُرِيدُ أَنْ يَشُقَّ عَصَاكُمْ، أَوْ يُفَرِّقَ جَمَاعَتَكُمْ، فَاقْتُلُوهُ».

[صحيح] - [رواه مسلم]
المزيــد ...

Арфажа, радыяллаху анху, риваят кылып айтты: Мен Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, мындай деп айтканын уктум:
"Баарыңар бир адамдын кол астында турганда силердин араңарды бөлүп-жаргысы келген же жамаатыңарды тыркыратуу үчүн келген адамды өлтүргүлө".

Сахих (ишенимдүү) - Муслим жазып калтырган.

Түшүндүрмө

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, мындай деп баяндап жатат. Мусулмандар бир өкүмдардын астына жана жалпы мусулмандар жамаатына биригишсе, андан кийин ал өкүмдар менен өкүм талашууну каалаган же мусулмандарды бир нече жамаатка бөлүүнү каалаган бирөө келсе, анда ал адамды жамандыгынан кайтаруу үчүн жана мусулмандардын канын сактоо үчүн тыюу керек же ал адамга каршы күрөшүү керек.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Жапончо Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сомаличе Руандача
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Күнөө болбогон иштерде мусулмандардын башчысын угуу керек. Ага баш ийүү важиб болот жана ага каршы чыгууга тыюу салынган.
  2. Ким мусулмандардын башчысына жана мусулмандар жамаатына каршы козголоң чыгарса, ар-намысына жана тукумуна карабастан, аны менен согушуу керек.
  3. Бөлүнбөй, каршы чыкпай биригүүгө үндөө керек.
Дагы...