+ -

عَنْ عَبْدِ اللَّهِ بْنِ عُمَرَ رضي الله عنهما أَنَّ رَسُولَ اللَّهِ صلى الله عليه وسلم قَامَ بَعْدَ أَنْ رَجَمَ الْأَسْلَمِيَّ فَقَالَ:
«اجْتَنِبُوا ‌هَذِهِ ‌الْقَاذُورَةَ الَّتِي نَهَى اللَّهُ عَنْهَا فَمَنْ أَلَمَّ فَلْيَسْتَتِرْ بِسِتْرِ اللَّهِ وَلْيُتُبْ إِلَى اللَّهِ، فَإِنَّهُ مَنْ يُبْدِ لْنَا صَفْحَتَهُ نُقِمْ عَلَيْهِ كِتَابَ اللَّهِ عز وجل».

[صحيح] - [رواه الحاكم والبيهقي] - [المستدرك على الصحيحين: 7615]
المزيــد ...

Абдулла бин Умар (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Асламини (зина кылганы үчүн) жазалап бүткөндөн кийин Аллахтын элчиси туруп мындай деди:
"Аллах Таала тыйган бул жаман, жийиркеничтүү иштен алыс болгула! Ким буга кабылса, Аллах жашыргандай жашырсын жана тообо кылууга шашылсын. Анткени, ким бизге күнөөсүн ачып берсе, ага Аллахтын китеби менен өкүм, жаза тургузабыз".

[Сахих (ишенимдүү)] - - [Ал-Мустадрак алаа ас-Сахихайни - 7615]

Түшүндүрмө

Ибн Умар (аларга Аллах ыраазы болсун) кабарлайт: Мааиз бин Малик Асламини (ага Аллах ыраазы болсун) зына кылганы үчүн жазалагандан кийин, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) элге кутпа кылып, мындай деген: Аллах Таала тыйган жек көрүндү, жийиркеничтүү иштен алыс болгула. Ким бул ишти кылса, ага эки нерсе важыб болот: Биринчи: Аллах да аны жашыруусу үчүн кылган күнөөсүн жашыруу, күнөөсүн эч кимге айтпоо. Экинчи: күнөөнү улантып кыла бербей, дароо Аллахка тообо кылып кайтуу. Кимдин күнөөсү бизге ачык болсо, анда ошол күнөө үчүн Аллахтын китебинде айтылган жазаны беребиз.

Хадистин пайдалары

  1. Кылган күнөөсүн жашырууга жана Раббиси экөөнүн ортосунда болгон күнөөгө дароо тообо кылууга үндөө.
  2. Эгер жазалар башчыга жетсе, анда жазаны берүү зарыл болуп калат.
  3. Күнөөдөн сактануу жана тообого шашылуу важыб.
Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Телгиче Свахиличе Тайландча Пуштунча Ассамча Албанча Амхарча Нидерландча Гужаритиче Литвача Дариче Сербче Тажикче Руандача Румынча Венгерче Чехче الموري Каннадача الولوف Азерче Өзбекче Украинче الجورجية المقدونية الخميرية الماراثية
Котормолорду көрсөтүү
Дагы...