+ -

«كل مُسْكِرٍ خَمْرٌ، وكل مُسْكِرٍ حرام، ومن شرِب الخمر في الدنيا فمات وهو يُدْمِنُهَا لَمْ يَتُبْ، لَمْ يَشْرَبْهَا في الآخرة».
[صحيح] - [رواه مسلم وأخرج البخاري الجملة الأخيرة منه]
المزيــد ...

Ибн Умар (ал экөөнө Аллах ыраазы болсун) Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Бардык мас кылуучу ичимдиктер арак. Ал эми бардык мас кылуучу ичимдиктер арам. Кимде-ким бул дүйнөдө арак ичип жүрүп тообо кылбастан өтүп кетсе, акыретте аны иче албайт".

Сахих (ишенимдүү) - Муслим жазып калтырган.

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамды акылынан тайдырып, эсин кетире турган нерсенин баары, мейли ал суюк ичимдик болсун, мейли жей турган нерсе болсун, мейли жыттай турган түтүн болсун, баары хамр, мас кылуучу деп эсептелерин айткан. Акылдан кетире турган нерсенин баарына Аллах Таала тыюу салып, азын да, көбүн да арам кылган. Мындай мас кылуучулардын кайсы түрү болбосун, аны колдонуп, токтотпостон ичип жүрүп, тообо кылбай дүйнөдөн өтүп кетсе, ал бейиштеги насибинен куру калтырылып Аллахтын азабына дуушар болот.

Котормо: Алглисче Урдуча Индонезияча Уйгурча Французча Орусча Боснияча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Күртчө Португалча Свахиличе Тайландча Ассамча Щведче Амхарча Йорубача Дариче
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Арактын арам болуусунун себеби анын мас кылгандыгында. Ошондуктан, бардык мас кылуучу нерселер арам.
  2. Аллах Таала аракты анын коомду буза турган зыяны чоң болгону үчүн арам кылган.
  3. Бейиште аракты ичүү анын ырахытынын жана нээмат жакшылыктарынын кемчиликсиздигинен кабар берет.
  4. Кимде-ким бул дүйнөдө арак ичүүдөн напсисин тыя албаса, Аллах Таала бейиште аны ичүүдөн куру калтырат, анткени жаза күнөөнүн түрүнө жараша болот.
  5. Өлүм сааты келгенге чейин күнөөлөргө тообо кылууга шашылуу зарыл.
Дагы...