عن عبد الله بن عمرو رضي الله عنهما عن النبي صلى الله عليه وسلم قال:
«مَنْ قَتَلَ مُعَاهَدًا لَمْ يَرَحْ رَائِحَةَ الْجَنَّةِ، وَإِنَّ رِيحَهَا تُوجَدُ مِنْ مَسِيرَةِ أَرْبَعِينَ عَامًا».
[صحيح] - [رواه البخاري] - [صحيح البخاري: 3166]
المزيــد ...
Абдулла бин Амр (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:
"Кимде-ким муаахадты (6) өлтүргөн болсо, анда бейиштин жытын жыттабайт. Анын жыты кырк жылдык алыстан жыттанып турат".
[Сахих (ишенимдүү)] - [Бухари жазып калтырган] - [Сахих ал-Бухари - 3166]
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) муаахадты өлтүргөн адамга катуу азап болоорун баяндап жатат. Муаахад: Ислам жергесине коопсуздук келишимин алып кирген каапыр адам. Кимде-ким аны өлтүрсө, бейиштин жытын жыттабайт. Бейиштин жыты кырк жылдык аралыктан келип турат.