عَنْ أَبِي بُرْدَةَ، عَنْ أَبِيهِ أَبِي مُوسَى الأَشْعَريِّ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ:
أَنَّ النَّبِيَّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ بَعَثَهُ إِلَى اليَمَنِ، فَسَأَلَهُ عَنْ أَشْرِبَةٍ تُصْنَعُ بِهَا، فَقَالَ: وَمَا هِيَ؟، قَالَ: «البِتْعُ وَالمِزْرُ»، فَقِيلَ لِأَبِي بُرْدَةَ: مَا البِتْعُ؟ قَالَ: نَبِيذُ العَسَلِ، وَالمِزْرُ: نَبِيذُ الشَّعِيرِ، فَقَالَ: «كُلُّ مُسْكِرٍ حَرَامٌ» خرجه البخاري.
وَخَرَّجَهُ مُسْلِمٌ وَلَفْظُهُ: قَالَ: بَعَثَنِي رَسُولُ اَلله أَنَا وَمُعَاذٌ إِلَى اَليَمَنِ، فَقُلْتُ: يَا رَسُولُ اَللَّهِ! إِنَّ شَرَابًا يُصْنَعُ بِأَرْضِنَا يُقَال لَهُ: المِزَرُ مِنَ الشَّعِيرِ، وَشَرَابٌ يُقَالُ لَهُ: البِتْعُ مِنَ العَسَلِ، فَقَالَ: «كُلُّ مُسْكِرٍ حَرَامٌ».
وَفِي رِوَايَةٍ لِمُسْلِمٍ: «فَقَالَ: كُلُّ مَا أَسْكَرَ عَنِ الصَّلَاةِ فَهُوَ حَرَامٌ».
وَفِي رِوَايَةٍ لَهُ: «وَكَانَ رَسُولُ الله قَدْ أُعْطِيَ جَوَامِعَ الكَلِمِ بِخَوَاتِمِهِ، فَقَالَ: أَنْهَى عَنْ كُلِّ مُسْكِرٍ أَسْكَرَ عَنْ الصَّلَاةِ».
[صحيح] - [رواه البخاري ومسلم] - [الأربعون النووية: 46]
المزيــد ...
Абу Бурда атасы Абу Муса Ашаринин (ага Аллах ыраазы болсун) айтканын айтат:
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аны Йеменге жөнөтөт. Кийин Абу Муса пайгамбардан йемендиктер жасаган ичимдик тууралуу сурайт. Пайгамбарыбыз: "Ал эмне экен?" - деп тактайт. Абу Муса: "Ал-битъу ва алмизру" - дейт. Андан "ал-битъу" эмне экенин сурашканда, ал: "Ал-битъу - балдын кайнатмасы, ал-мизру - арпанын кайнатмасы" - деп түшүндүрөт. Пайгамбарыбыз: "Бардык мас кылуучулар - арам" - деп жооп берет. Имам Бухари. Имам Муслимдин китебинде мындай айтылат: Абу Муса айтат: "Аллахтын элчиси мени менен Муазды Йеменге жиберди. (Кийин) мен: "О Аллахтын элчиси, бизде арпадан жасалган "ал-мизру" деген, анан балдан жасалган "ал-битъу" деген ичимдиктер бар, буларды ичсе болобу?" - деп сурасам, ал: "Бардык мас кылуучулар арам" - деп жооп берди". Муслимдин китебинде жазылган дагы бир айтымда мындай айтылат: Пайгамбарыбыз: "Намаздан адаштыра тургандай мас кылган нерсенин баары арам" - деген. Анын дагы бир айтымында: "Аллахтын элчисине кыска сөз менен түшүндүрүү артыкчылыгы берилген эле. Ал намаздан адаштыра турган мас кылуучунун баарынан тыйган".
[Сахих (ишенимдүү)] - [رواه البخاري ومسلم] - [الأربعون النووية - 46]
Абу Муса Ашари кабарлайт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аны Йеменге жибергенде, ал Йеменде жасалган ичимдиктер жөнүндө сурайт. Пайгамбарыбыз аны чечмелеп сурайт. Абу Муса алар балдан жана арпадан жасалган ичимдиктер экенин айтат. Ошондо кыска сөз менен түшүндүрүү артыкчылыгы берилген пайгамбарыбыз: "Бардык (акылды кетире турган) мас кылуучулар - арам" - дейт.