Категория:
+ -

عَنْ أَبِي مُحَمَّدٍ عَبْدِ اللَّهِ بْنِ عَمْرِو بْنِ العَاصِ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُمَا، قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ:
«لَا يُؤْمِنُ أَحَدُكُمْ حَتَّى يَكُونَ هَوَاهُ تَبَعًا لِمَا جِئْتُ بِهِ».

[قال النووي: حديث صحيح] - [رويناه في كتاب الحجة بإسناد صحيح] - [الأربعون النووية: 41]
المزيــد ...

Абу Мухаммад Абдулла бин Амр бин Аас (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Силердин эч кимиңер каалоосу мен алып келген нерсени (динди) ээрчимейинче толук ыймандуу боло албайт".

[قال النووي: حديث صحيح] - [رويناه في كتاب الحجة بإسناد صحيح] - [الأربعون النووية - 41]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ал алып келген буйрук жана тыюулардан турган динди ээрчип, буйруктарын жакшы көрүп, тыйган иштерин жек көрмөйүнчө адамдын ыйманы талаптагыдай толук болбостугун айткан.

Хадистин пайдалары

  1. Бул хадис адам өзүн толук шариятка тапшырып, Ага баш ийүүсүн билдирген эреже.
  2. Хадисте акылы же адат боюнча өкүм чыгарып, аны пайгамбар алып келген шарияттан алдыга койгондорго катуу эскертүү бар. Мындай кылган адамдын ыйманы толук эмес.
  3. "Ал алып келген..." деген сөзү бардык нерседе шарияттын өкүмү важыб экенине далил.
  4. Ыйман - таат-ибадат менен көбөйүп, күнөө-ката менен азаят.
Котормо: Алглисче Урдуча Индонезияча Бангалча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Тайландча Немисче Пуштунча Ассамча Албанча Амхарча Гужаритиче Непалча Литвача Дариче Сербче Тажикче Руандача Венгерче Чехче الموري Каннадача الولوف Азерче Өзбекче Украинче الجورجية المقدونية الخميرية
Котормолорду көрсөтүү
Категориялар
Дагы...