عَنْ أَبِي هُرَيْرَة رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ قَالَ: قَالَ رَسُول اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ:
«إنَّ اللَّهَ تَعَالَى قَالَ: مَنْ عَادَى لِي وَلِيًّا فَقْد آذَنْتُهُ بِالحَرْبِ، وَمَا تَقَرَّبَ إلَيَّ عَبْدِي بِشَيْءٍ أَحَبَّ إلَيَّ مِمَّا افْتَرَضْتُ عَلَيْهِ، وما يَزَالُ عَبْدِي يَتَقَرَّبُ إلَيَّ بِالنَّوَافِلِ حَتَّى أُحِبَّهُ، فَإِذَا أَحْبَبْتُهُ كُنْتُ سَمْعَهُ الَّذِي يَسْمَعُ بِهِ، وَبَصَرَهُ الَّذِي يُبْصِرُ بِهِ، وَيَدَهُ الَّتِي يَبْطِشُ بِهَا، وَرِجْلَهُ الَّتِي يَمْشِي بِهَا، وَإِنْ سَأَلَنِي لَأُعْطِيَنَّهُ، وَلَئِنْ اسْتَعَاذَنِي لَأُعِيذَنَّهُ».
[صحيح] - [رواه البخاري] - [الأربعون النووية: 38]
المزيــد ...
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Аллах Таала мындай деди: "Кимде-ким Менин досума душман болсо, Мен ага согуш жарыялайм. Пендем Мага эң сүйүктүү болгон парз ибадаттарды аткаруу менен жакындагандай башка нерсе менен жакындай албайт. Пендем напил ибадаттары менен мага жакындай берсе, Мен аны жакшы көрүп калам. Эгер жакшы көрүп калсам, анда анын уга турган кулагы, көрө турган көзү, кармай турган колу, баса турган буту болот. Эгер сураса, сураганын сөзсүз берем. Эгер коргоо тилесе, коргоомо алам".
[Сахих (ишенимдүү)] - [Бухари жазып калтырган] - [الأربعون النووية - 38]
Бул кудуси хадисте пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Тааланын "ким менин досторумдун бирине зыян тийгизсе, Мен ага ачууланып, каарымды төгүп, ага душмандыгымды жарыялайм" дегенин айткан. Биз дос деп айтып жаткан "вали" деген сөздүн мааниси: такыба, ыймандуу адам. Пенденин ыйманынын жана такыбалыгынын даражасына жараша анын Аллага дос болуу насиби көтөрүлө берет. Пендени Аллахка жакындата турган эң негизги нерсе Анын буйруктарын аткарып, тыюуларынан тыйылып такыба болуу. Ал эми парздар менен бирге напилдерди да аткарып Аллахка жакындай берсе, Аллахтын махабатына жетет. Эгер Аллах аны жакшы көрсө, анда аны төмөнкү төрт мүчөсүн арамдан сактайт: Угуусун сактайт, Аллах ыраазы боло турган сөздөрдү гана угуп калат. Көрүүсүн сактайт, Аллах кароону жакшы көргөн жана ыраазы болгон нерсени гана карап калат. Колун сактайт, колу менен Аллах ыраазы боло турган иштерди гана жасайт. Буттарын сактайт, Аллах ыраазы боло турган жерлерге гана басат, жакшылык бар нерсеге гана аракет кылат. Аны менен бирге Аллахтан эмнени сураса, Аллах ага сураганын берет. Дубасы кабыл болуучу киши болот. Эгер Аллахка кайрылып, Андан коргоо тилесе, Аллах аны корккон нерсесинен сактап, коргоп, пааналайт.