Категория:
+ -

عَنْ ابْنِ عَبَّاسٍ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُمَا عَنْ رَسُولِ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فِيمَا يَرْوِي عَنْ رَبِّهِ تَبَارَكَ وَتَعَالَى، قَالَ:
«إنَّ اللهَ كَتَبَ الحَسَنَاتِ وَالسَّيِّئَاتِ، ثُمَّ بَيَّنَ ذَلِكَ، فَمَنْ هَمَّ بِحَسَنَةٍ فَلَمْ يَعْمَلْهَا؛ كَتَبَهَا اللهُ عِنْدَهُ حَسَنَةً كَامِلَةً، وَإِنْ هَمَّ بِهَا فَعَمِلَهَا؛ كَتَبَهَا اللهُ عِنْدَهُ عَشْرَ حَسَنَاتٍ إلَى سَبْعِمِائَةِ ضِعْفٍ إلَى أَضْعَافٍ كَثِيرَةٍ، وَإِنْ هَمَّ بِسَيِّئَةٍ فَلَمْ يَعْمَلْهَا؛ كَتَبَهَا اللهُ عِنْدَهُ حَسَنَةً كَامِلَةً، وَإِنْ هَمَّ بِهَا فَعَمِلَهَا؛ كَتَبَهَا اللهُ سَيِّئَةً وَاحِدَةً».

[صحيح] - [رواه البخاري ومسلم في صحيحيهما بهذه الحروف] - [الأربعون النووية: 37]
المزيــد ...

Ибн Аббас (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Раббисинин айтканын минтип айткан:
"Аллах Таала жакшылыктарды жана жамандыктарды жазып, анан аларды баяндап берген. Кимде-ким бир жакшылыкты ниет кылып, бирок аткара албай калса, Аллах Таала ага ошол жакшылыкты толук аткарды деп жазат. Эгер ниет кылып, анан ниетиндегини иш жүзүндө аткарса, анда ага ондон жети жүзгө чейин же андан да көп эселеген жакшылыктарды жазат. Эгерде пенде бир жаман ишти ниет кылып, бирок аны аткарбаса, ага толук бир жакшылыкты жазат. А эгер ниет кылып, ниетин иш жүзүндө аткарса, ага бир жамандык жасады деп жазат".

[Сахих (ишенимдүү)] - [رواه البخاري ومسلم في صحيحيهما بهذه الحروف] - [الأربعون النووية - 37]

Түшүндүрмө

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Аллахтын жакшылыктар менен жамандыктарды тагдыр кылып, анан аларды эки периштеге кантип жазууну көрсөткөнүн баяндады.
Демек, кимде-ким бир жакшылык кылууну кааласа, ниет кылса жана аны аткарууга чечкиндүү киришсе, анда аны аткара албай калса деле ага бир жакшылык жазылат. А эгерде аны аткарса, анда он эседен жети жүз эсеге чейин бир канча эсе көбөйтүлүп жазылат. Бир канча эсе көбөйүү бул жүрөктөгү ыкластуулукка, пайданын келишишне ж.б.у.с. нерселерге жараша болот.
Ал эми кимде-ким бир жамандык кылууну каалап, ниет кылып, чечкиндүү киришип анан аны Аллах үчүн таштаса, анда ага бир жакшылык жазылат. Эгерде анын себептерин кылбай, алек болуп таштап койсо, анда ага эч нерсе жазылбайт. А эгерде ал колунан келбей аны таштаса, анда анын ниети жазылат. А эгерде аны аткарса, анда ага бир жамандык эле жазылат.

Хадистин пайдалары

  1. Аллахтын бул үммөткө жакшылыктарды көбөйтүп, Аны Өзүнүн алдында жазып, жамандыктарды көбөйтпөөдөгү улуу пезилетин баяндоо.
  2. Иш-аракеттерди аткаруудагы ниеттин маанилүүлүгү жана анын таасири.
  3. Аллах Тааланын пазилети, боорукердиги жана жакшылыгы бул кимде-ким бир жакшылык кылууга ниет кылып, аны аткара албай калса, анда Аллахтын ага жакшылык жазуусу.
  4. ____
  5. ____
  6. ____
  7. ____
Котормо: Алглисче Урдуча Индонезияча Бангалча Түркчө Орусча Боснияча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Тайландча Немисче Пуштунча Ассамча Албанча Амхарча Гужаритиче Непалча Дариче Сербче Тажикче Руандача Венгерче Чехче الموري الولوف Азерче Өзбекче Украинче الجورجية المقدونية الخميرية
Котормолорду көрсөтүү
Категориялар
Дагы...