عَن ابنِ عباسٍ رضي الله عنهما أنَّ رسولَ اللهِ صلي الله عليه وسلم قال:
«لَو يُعطَى النّاسُ بدَعواهُم لادَّعَى رِجالٌ أموالَ قَومٍ ودِماءَهُم، لَكِنَّ البَيِّنَةَ على المُدَّعِى، واليَمينَ على مَن أنكَرَ».
[حسن] - [رواه البيهقي، وغيره هكذا، وبعضه في الصحيحين] - [الأربعون النووية: 33]
المزيــد ...
Ибн Аббас (ал экөөнө Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Эгерде адамдарга доомат артканы бериле берсе, анда адамдар башкалардын мал-мүлк, кан-жанын доомат менен талап кыла бермек. Андыктан, доомат кылган киши күбө-далил алып келиши керек. Ал эми дооматты четке каккан киши касам ичет".
[Хасан (жакшы)] - [رواه البيهقي وغيره هكذا وبعضه في الصحيحين] - [الأربعون النووية - 33]
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтат: эгерде адамдарга эч кандай күбө-далили жок эле алардын доомат кылган нерселери бериле берсе, анда алар башкалардын мал-мүлкүнө, кан-жанына доомат артып ала бермек. Ошон үчүн доомат кылган киши талап кылып жаткан нерсесине күбө-далил алып келиши керек. Эгер күбө-далил алып келе албаса, талаш доомат кылынып жаткан адамга каралат. Эгер ал аны четке какса, касам ичиши керек болот.