Категория:
+ -

عَنْ أَبِي سَعِيدٍ سَعْدِ بْنِ مَالِكِ بْنِ سِنَانٍ الخُدْرِيّ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ أَنَّ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ:
«لَا ضَرَرَ وَلَا ضِرَارَ».

[حسن] - [رواه ابن ماجه، والدارقطني، وغيرهما مسندًا] - [الأربعون النووية: 32]
المزيــد ...

Абу Саид Саад бин Малик бин Синан ал-Худри (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Өзгө да, өзгөгө да зыян берүүгө болбойт".

[Хасан (жакшы)] - [رواه ابن ماجه والدارقطني وغيرهما مسندًا] - [الأربعون النووية - 32]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өзүнө жана башкаларга зыяндын ар кандай түрлөрүнөн жана көрүнүштөрүнөн сактануу керек экенин баяндады. Ошондуктан кимдир бирөө өзүнө да, башкаларга да зыян келтириши туура эмес. Зыянга зыян менен жооп берүү адал эмес. Анткени зыян зыян менен кетирилбейт. Бирок зыянды чектен чыкпастан өч алуу (касас) менен жоюуга болот.

Хадистин пайдалары

  1. Жазага тартылгандарды чегинен ашыра жазалоого тыюу салынат.
  2. Аллах пенделерине зыяндуу нерселерди кылууга буйруган эмес.
  3. Бул хадис бирөөгө тил менен, иш менен же аткарбай таштоо менен зыян берүүнүн жана зыянга зыян менен жооп берүүнүн арамдыгын билдирген эреже.
  4. Шарият эрежелеринин бири: “Зыян жок кылынат”. Ошондуктан шарият зыян тартууга жол бербейт жана зыян келтирүүнү четке кагат.
Котормо: Алглисче Урдуча Индонезияча Бангалча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Тайландча Немисче Пуштунча Ассамча Албанча Амхарча Гужаритиче Непалча Литвача Дариче Сербче Тажикче Руандача Венгерче Чехче الموري Каннадача الولوف Азерче Өзбекче Украинче الجورجية المقدونية الخميرية
Котормолорду көрсөтүү
Категориялар
Дагы...