عَنْ مُعَاذِ بْنِ جَبَلٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ قَالَ: قُلْت يَا رَسُولَ اللَّهِ! أَخْبِرْنِي بِعَمَلٍ يُدْخِلُنِي الجَنَّةَ وَيُبَاعِدْنِي مِنْ النَّارِ، قَالَ:
«لَقَدْ سَأَلْتَ عَنْ عَظِيمٍ، وَإِنَّهُ لَيَسِيرٌ عَلَى مَنْ يَسَّرَهُ اللَّهُ عَلَيْهِ: تَعْبُدُ اللَّهَ لَا تُشْرِكُ بِهِ شَيْئًا، وَتُقِيمُ الصَّلَاةَ، وَتُؤْتِي الزَّكَاةَ، وَتَصُومُ رَمَضَانَ، وَتَحُجُّ البَيْتَ، ثُمَّ قَالَ: أَلَا أَدُلُّكَ عَلَى أَبْوَابِ الخَيْرِ، الصَّوْمُ جُنَّةٌ، وَالصَّدَقَةُ تُطْفِئُ الْخَطِيئَةَ كَمَا يُطْفِئُ المَاءُ النَّارَ، وَصَلَاةُ الرَّجُلِ مِنْ جَوْفِ اللَّيْلِ، ثُمَّ تَلَا: {تَتَجَافَى جُنُوبُهُمْ عَنِ الْمَضَاجِعِ} حَتَّى {بَلَغَ يَعْمَلُونَ}، ثُمَّ قَالَ: أَلَا أُخْبِرُك بِرَأْسِ الأَمْرِ وَعَمُودِهِ وَذِرْوَةِ سَنَامِهِ، فَقُلْتُ: بَلَى يَا رَسُولَ اللَّهِ، قَالَ: رَأْسُ الأَمْرِ الإِسْلَامُ، وَعَمُودُهُ الصَّلَاةُ، وَذِرْوَةُ سَنَامِهِ الجِهَادُ، ثُمَّ قَالَ: أَلَا أُخْبِرُك بِمِلَاكِ ذَلِكَ كُلِّهِ، فقُلْت: بَلَى يَا رَسُولَ اللَّه! فَأَخَذَ بِلِسَانِهِ وَقَالَ: كُفَّ عَلَيْك هَذَا، قُلْت: يَا نَبِيَّ اللَّهِ! وَإِنَّا لَمُؤَاخَذُونَ بِمَا نَتَكَلَّمُ بِهِ، فَقَالَ: ثَكِلَتْكَ أُمُّكَ وَهَلْ يَكُبُّ النَّاسَ عَلَى وُجُوهِهِمْ أَوْ قَالَ عَلَى مَنَاخِرِهِمْ إلَّا حَصَائِدُ أَلسِنَتِهِمْ»!
[صحيح] - [رواه الترمذي] - [الأربعون النووية: 29]
المزيــد ...
Муаз бин Жабал (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Мен Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кайрылып: "О Аллахтын элчиси, мени тозоктон оолак кылып, бейишке киргизе турган ишти айтыңызчы" - деп сурандым. Ал мындай деди:
"Сен өтө чоң нерсени сурадың, бирок Аллах жеңил кылган адамга бул өтө жеңил: Аллахка эч нерсени шерик кылбастан ибадат кыласың. Намаздарынды окуйсуң. Зекетиңди бересиң. Рамазанда орозо кармайсың. Ажылык кыласың". Анан ал сөзүн улай мындай деди: "Сага жакшылыктын эшиктерин айтып берейинби? Орозо - далил болот. Садага - суу отту өчүргөндөй күнөөлөрдү өчүрөт. Кишинин түн ортосунда туруп окуган намазы..." деп, анан бул аятты окуду: "Алардын капталдары жатчу жайынан өйдө болуп..." - дегенден баштап: "...кылган иштерине..." - деген жерине чейин окуду. Анан кайра сөзүн улап: "Сага иштин өзөгүн, түркүгүн жана эң өйдө чокусун айтып берейинби? - деди. Мен: "Ооба, айтыңыз" - дедим. "Иштин өзөгү - Ислам, анын түркүгү - намаз, анын чокусу - жихад" - деди. Анан: "Сага булардын баарынын падышасын айтайынбы?" - деп сурады. Мен: "Ооба, айтыңыз" - дедим. Ал тилин кармады да, анан: "Ушуну тый" - деди. Мен: "О Аллахтын элчиси, тилибиз үчүн да жооп беребизби?" - дедим. Ал: "О жарыбагыр десе, адамдарды тилинин күнөөлөрү гана тозокко тумшугу менен киргизип жатпайбы!" - деди.
[Сахих (ишенимдүү)] - [Ат-Тирмизи жазып калтырган] - [الأربعون النووية - 29]
Муаз (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен бирге сапарда болдум. Бирде аны менен жанаша басып калып: Оо Аллахтын элчиси, мага мени бейишке киргизип, тозоктон куткара турган амалды атап берчи - деп сурадым. Ал: Сен аткаруу напсиге оор болгон иштер тууралуу сурадың. Бирок Аллах Таала аны аткарууну жеңил кылып койгон адамга аткаруу жеңил болот. Исламдын мобул беш парзын аткар:
Биринчи: Аллахка эч нерсени шерик кылбай, ибадат кыласың.
Экинчиси: Күнү-түнү биригип суткасына беш убак намаз окуйсуң. Булар: багымдат, бешим, дигер, шам жана куптан намаздары. Намаз окуганда шарттарын, үрүкүндөрүн, важыбдарын толук аткар.
Үчүнчүсү: парз болгон зекетиңди чыгарасың. Зекет белгилүү өлчөмгөн жеткен малдан тиешелүү адамдарга чыгарып бере турган мал-дүйнөгө байланыштуу ибадат.
Төртүнчүсү: Рамазан айында орозо кармайсың. Орозо таң аткандан, күн батканга чейин ибадат ниетинде тамак, суусун, ж.б. оозду ачып койо турган иштерден сактануу.
Бшинчиси: Аллахка ибадат кылуу үчүн Меккени максат кылып Аллахтын үйүнө ажылык кыласың.
Андан кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Сага жакшылыктын эшигине жеткире турган жолду айтайынбы? Жанагы парз амалдарга кошуп бул напилдерди аткар - дейт.
Биринчиси: Напил орозо карма. Мындай орозолор кумар каалоону басаңдатып, күч-кубатты азайткандыктан күнөө кылууга жол бербейт.
Экинчиси: Напил садага кетирген күнөө, каталарды өчүрөт жана анын изин кетирет.
Үчүнчүсү: Түндүн акыркы бөлүгүндө тахажуд намазы. Андан кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Тааланын сөзүн окуду: (Алардын жамбашы жатчу жайынан алыс болуп) уйкудан туруп, коркуу жана үмүт менен Раббисине кайрылышат (зикир, Куран окуу, дуба менен). Биз берген ырыскыдан каржылашат. Эч ким кылган иш-амалдары үчүн аларга жашыруун даярдалып коюлган көз кубанычын билбейт.
Анан Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Сага диндин башы, тиреги жана туу чокусу тууралу айтайынбы? - дейт.
Муаз (ага Аллах ыраазы болсун): ооба, айтыңыз - дейт.
Пагамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Диндин башы - эки күбөлүк келме, ушул эки келме менен адам динге келет. Диндин тиреги - намаз. Намаз болмоюнча Ислам болбойт. Түркүгү жок үй болбогон сыяктуу. Кимде-ким намаз окуса, анын дини бекемделип, көтөрүлөт. Диндин туу чокусу - Аллахтын Сөзүн жогоруу кылуу үчүн дин душмандары менен күрөшүү.
Анан Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Сага жогорудагылардын баарын бекемдей турган нерсени айтайынбы - деп, колу менен тилин кармап: Ушуну сакта, өзүңө тиешелүү болбогон нерсени сүйлөбө - деп эскертет. Муаз (ага Аллах ыраазы болсун): Биз ар бир сүйлөгөн сөзүбүз үчүн эсеп берип, азапталабызбы? - деп сурайт.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага: Энең сени жоготсун! - дейт. Бул аны каргаган сөз эмес. Арабтарда маанилүү бир нерсеге көңүл буруп, билүүсү үчүн кыйыр мааниде айтылган сөз. Анан: Адамдардын тозокко көмкөрүсүнөн кулап түшүүсүнө алардын каапырлык сөздү сүйлөгөнү, жалган жалаа жапканы, сөгүнгөнү, кыйбат, ушак кылганы себеп болуп жатпайбы - дейт.