عَنْ أَبِي نَجِيحٍ العِرْبَاضِ بْنِ سَارِيَةَ رضي الله عنه قَالَ: وَعَظَنَا رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ مَوْعِظَةً وَجِلَتْ مِنْهَا القُلُوبُ، وَذَرَفَتْ مِنْهَا العُيُونُ، فَقُلْنَا: يَا رَسُولَ اللهِ! كَأَنَّهَا مَوْعِظَةُ مُوَدِّعٍ؛ فَأَوْصِنَا، قَالَ:
«أُوصِيكُمْ بِتَقْوَى اللَّهِ، وَالسَّمْعِ وَالطَّاعَةِ، وَإِنْ تَأَمَّرَ عَلَيْكُمْ عَبْدٌ، فَإِنَّهُ مَنْ يَعِشْ مِنْكُمْ بَعْدِي فَسَيَرَى اخْتِلَافًا كَثِيرًا، فَعَلَيْكُمْ بِسُنَّتِي وَسُنَّةِ الخُلَفَاءِ الرَّاشِدِينَ المَهْدِيينَ، عَضُّوا عَلَيْهَا بِالنَّوَاجِذِ، وَإِيَّاكُمْ وَمُحْدَثَاتِ الأُمُورِ؛ فَإِنَّ كُلَّ بِدْعَةٍ ضَلَالَةٌ».
[صحيح] - [رواه أبو داود والترمذي] - [الأربعون النووية: 28]
المزيــد ...
Абу Нажих Ирбаз бин Сария (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизге насаат айтты. Андан жүрөктөр титиреп, көздөр жаш алды. Биз: "О Аллахтын элчиси, бул сөздөрүңүз биз менен коштошуп жаткандай туюлду. Бизге осуят кылыңызчы" - дедик. Ал мындай деди:
"Силерге Аллахка такыба болууну осуят кылам. Эгер силерге кул киши башчылык кылса да аны уккула жана укканыңарды аткаргыла. Мен өтүп кеткенден кийин көбүрөөк жашаганыңар өтө көп карама-каршылыктарды көрөсүңөр. Менин жана туура жолго баштаган халифаларымдын сүннөт-жолун кармангыла . Бул сүннөт-жолго азуу тишиңер менен тиштеп жармашкыла. Жаңыдан пайда болгон иштерден сак болгула! Анткени жаңыдан пайда болгон бидааттын баары - адашуу".
[Сахих (ишенимдүү)] - [Абу Дауд жана ат-Тирмизи жазып калтырган] - [الأربعون النووية - 28]
Пайгамбар ага (Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларына жеткиликтүү насаат айтып, андан жүрөктөр коркуп титиреп, көздөрдөн жаш агып кетет. Анан алар: О, Аллахтын элчиси, сен бизге коштошкондой насаат айттың - дешет. Насааттын өтө жеткиликтүү айтылганынан улам алар муну байкаган болчу. Анан ал өткөндөн кийин такай аткарып жүрө турган ишти осуят кылуусун андан суранышат. Ал: Улуу Аллах Таалага такыба болгула - дейт. Такыбалык ваажыб, буйруктарды аткаруу жана арам,тыюу салынган иштерден тыйылуу менен болот. "Уккула жана баш ийгиле" - дейт. Т.а. башчыларга баш ийгиле. Эгерде силерге кул башчы болуп же өкүмдарлык кылса, ага да баш ийгиле. Мындайча айтканда, калайыктын ичинен даражасы эң төмөн адам башчы болсо да, аны теңсинбей койбой, ага баш ийгиле, фитна, бүлгүндөн этият болуу үчүн. Анткени, кимдин өмүрү узун болсо келечекте көп келишпестиктерди көрөт. Андан кийин аларга мындай келишпестиктерден алып чыга турган жолду баяндады. Бул - ал өткөндөн кийин анын жана анын туура жол көрсөтүүчү халифтеринин сүннөт жолун бекем кармоо. Булар Абу Бакр Сыддык, Умар бин Хаттаб, Усман бин Аффан жана Али бин Абу Талиб (аларга баарына Аллах ыраазы болсун). Ушул жолду азуу тиштери менен бекем тиштөөгө үндөдү. Б.а. сүннөттү бекем тутуп, аны менен жүрүүгө тырышууга үндөдү. Ошондой эле аларга динде жаңыдан пайда болгон иштерден этият болууну эскертти, анткени бардык жаңыдан пайда болгон иштер адашууга алып барат.