عَنْ عَبْدِ اللَّهِ بْنِ عَمْرٍو رضي الله عنهما قال: قال رَسولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ:
«أَرْبَعٌ مَنْ كُنَّ فِيهِ كَانَ مُنَافِقًا، وَإِنْ كَانَتْ خَصْلَةٌ مِنْهُنَّ فِيهِ كَانَتْ فِيهِ خَصْلَةٌ مِنَ النِّفَاقِ حَتَّى يَدَعَهَا: مَنْ إِذَا حَدَّثَ كَذَبَ، وإِذَا وَعَدَ أَخْلَفَ، وإذَا خَاصَمَ فَجَرَ، وَإِذَا عَاهَدَ غَدَرَ».
[صحيح] - [رواه البخاري ومسلم] - [الأربعون النووية: 48]
المزيــد ...
Абдуллах бин Амир (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Кимде төмөнкү төрт сыпат болсо, ал анык мунапык болот. Эгер булардын бири болсо, анда мунапыктыктын белгиси болот: сүйлөгөндө жалган сүйлөсө, убадасын аткарбаса, талашса чектен чыгып кетсе, келишимди (кыянаттык менен) бузса".
[Сахих (ишенимдүү)] - [رواه البخاري ومسلم] - [الأربعون النووية - 48]
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) төрт иштен тыйып, катуу эскерткен. Эгер бул төрт иш бир адамда топтолсо, ал анык мунафыктарга окшойт. Бул ошол төрт ишти көп учурда аткарган адамга тиешелүү. Ал эми бул иштердин кээ бирин гана кылган адам буга кирбейт.
Биринчиси: Сүйлөгөндө жалганга таянып сүйлөйт, сөзүндө чындыгы болбойт.
Экинчиси: Келишим кылса, анын өтөөсүнө чыкпайт, келишим кылган адамга кыянат кылат.
Үчүнчүсү: Убада берсе, анысын аткарбайт, убадасынын тескерисин кылат.
Төртүнчүсү: Кимдир бирөө менен талашып-тартышса, сөзүн чындыкка чыгаруу үчүн чектен чыгып, акыйкаттан четтеп, батыл жалганды айтат.
Нифак, (эки жүздүүлүк) - ичиндеги нерсенин тескерисин ачыкка чыгаруу. Мына ушул маани жогорудагыдай адаттардан байкалат. Эки жүздүүлүгү сүйлөгөн адамдын акысына, убада берген адамдын акысына, келишим кылган адамдын акысына, талаш-тартыш кылган адамдын акысына кирет. Мындай адам каапырлыгын жашырып динин көрсөткөн анык мунафык эмес. Кимде ушул айтылган сыпаттар болсо, аны таштаганга чейин мунафыктыктын сыпатын көтөрүп жүргөн болот.