+ -

عَنِ ابْنِ مَسْعُودٍ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ، قَالَ:
قَالَ رَجُلٌ: يَا رَسُولَ اللهِ، أَنُؤَاخَذُ بِمَا عَمِلْنَا فِي الْجَاهِلِيَّةِ؟ قَالَ: «مَنْ أَحْسَنَ فِي الْإِسْلَامِ لَمْ يُؤَاخَذْ بِمَا عَمِلَ فِي الْجَاهِلِيَّةِ، وَمَنْ أَسَاءَ فِي الْإِسْلَامِ أُخِذَ بِالْأَوَّلِ وَالْآخِرِ».

[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح البخاري: 6921]
المزيــد ...

Ибн Масуд, радыяллаху анху, айтты:
Бир киши: Оо, Аллахтын Элчиси, жахилият кезинде кылган иштерибиз үчүн жазаланабызбы? - деп сурады. Анда Пайгамбарыбыз айтты: «Ким Исламда жакшылык кылса, жахилиятта кылган иши үчүн жазаланбайт, ал эми ким Исламда жүрүп жаман иштерди кылса, биринчи жана акыркысы үчүн жазаланат»

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих ал-Бухари - 6921]

Түшүндүрмө

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Исламга кирүүнүн пазилеттерин ачыктап айтып берди. Ошондой эле ким Исламды кабыл алып, такыба мусулман болуп, ыкластуу жана чынчыл болсо, анда жахилиятта кылган күнөөлөрү үчүн жооп бербейт. Ал эми ким Исламда жүрүп эки жүздүү болсо же динден чыгып кетсе, анда ал каапырлык кезинде кылган иштери үчүн жана Исламдагы кылган күнөөлөрү үчүн жооп берет.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Немисче Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Сомаличе Тажикче Руандача Румынча Венгерче Чехче الموري Малагасиче Фуланиче Италянча Оромочо Каннадача الولوف البلغارية Азерче اليونانية Өзбекче Украинче الجورجية اللينجالا المقدونية
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Сахабалардан Аллах ыраазы болсун. Алар жахилият (1) учурунда кылган иш-аракеттеринен коркушкан жана ал иш-аракеттери аларды катуу ойлондурган.
  2. Исламда бекем болууга чакыруу.
  3. Исламга кирүүнүн пазилети жана ал мурунку жаман иш-аракеттерди жок кылат.
  4. Исламдан чыккан адам жана мунафык жахилиятта мурда жасаган ар бир иши үчүн жана Исламда кылган ар бир күнөөсү үчүн жооп берет.
Дагы...