+ -

عن أبي هريرة رضي الله عنه قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم:
«الْإِيمَانُ بِضْعٌ وَسَبْعُونَ -أَوْ بِضْعٌ وَسِتُّونَ- شُعْبَةً، فَأَفْضَلُهَا قَوْلُ لَا إِلَهَ إِلَّا اللهُ، وَأَدْنَاهَا إِمَاطَةُ الْأَذَى عَنِ الطَّرِيقِ، وَالْحَيَاءُ شُعْبَةٌ مِنَ الْإِيمَانِ».

[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح مسلم: 35]
المزيــد ...

Абу Хурайра (ага Алллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактосу болсун) минтип айткан:
"Ыйман жетимиш канча, же алтымыш канча бутактан турат. Анын эң бийиги "Лаа илааха иллаллоох" сөзү, эң төмөнү жолдон зыяндуу нерсени алып таштоо .Уяттуулук да ыймандын бир бутагы".

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих Муслим - 35]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ыймандын амалды, ишенимди жана сөздү ичине камтыган бир канча бутактары жана түрлөрү бар экенин кабарлады.
Ыймандын түрлөрүнүн эң абзели: "Лаа илааха иллаллоох" келменин маанисин түшүнүү менен, талабын аткарып амал кылуу менен айтуу. Чынында, Аллах Таала ибадат кылууга татыктуу Жалгыз Кудай, Андан башка ибадатка татыктуу кудай жок.
Ыймандын амалдарынын эң азы адамдарга зыянын тийгизе турган нерселерди алардын жолунан тазалап алып таштоо.
Андан кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) уяттуулук да ыймандын бир бөлүгү экенин айткан. Уяттуулук бул жаман ишти таштап, жакшы ишти кылууга түрткү болгон кулк-мүнөз.

Хадистин пайдалары

  1. Ыймандын биринен бири өйдө болгон даражалары бар.
  2. Ыйман - бул тилде, амалда жана жүрөктө болот.
  3. Аллах Тааладан уялуу деген - ал Сени тыйган жерде Аллах сени көрбөстүгү, сага буйруган иште Ал сени жоготпостугу.
  4. Сандардын айтылуусу ушунча санда деген маани эмес, бул жөн эле ыйман амалдарынын көптүгүн билдирет. Арабтарда кайсы бир нерсеге санды айтышса, андан башка санды жокко чыгарбайт.
Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Тайландча Немисче Жапончо Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Сомаличе Тажикче Руандача Румынча Венгерче Чехче الموري Малагасиче Италянча Каннадача الولوف البلغارية Азерче Украинче الجورجية المقدونية
Котормолорду көрсөтүү
Дагы...