عَنْ أَبي هُرَيْرَةَ رضي الله عنه قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ:
«مَا مِنْ صَاحِبِ ذَهَبٍ وَلَا فِضَّةٍ، لَا يُؤَدِّي مِنْهَا حَقَّهَا، إِلَّا إِذَا كَانَ يَوْمُ الْقِيَامَةِ، صُفِّحَتْ لَهُ صَفَائِحُ مِنْ نَارٍ، فَأُحْمِيَ عَلَيْهَا فِي نَارِ جَهَنَّمَ، فَيُكْوَى بِهَا جَنْبُهُ وَجَبِينُهُ وَظَهْرُهُ، كُلَّمَا بَرَدَتْ أُعِيدَتْ لَهُ، فِي يَوْمٍ كَانَ مِقْدَارُهُ خَمْسِينَ أَلْفَ سَنَةٍ، حَتَّى يُقْضَى بَيْنَ الْعِبَادِ، فَيَرَى سَبِيلَهُ، إِمَّا إِلَى الْجَنَّةِ، وَإِمَّا إِلَى النَّارِ»
قِيلَ: يَا رَسُولَ اللهِ، فَالْإِبِلُ؟ قَالَ: «وَلَا صَاحِبُ إِبِلٍ لَا يُؤَدِّي مِنْهَا حَقَّهَا، وَمِنْ حَقِّهَا حَلَبُهَا يَوْمَ وِرْدِهَا، إِلَّا إِذَا كَانَ يَوْمُ الْقِيَامَةِ، بُطِحَ لَهَا بِقَاعٍ قَرْقَرٍ، أَوْفَرَ مَا كَانَتْ، لَا يَفْقِدُ مِنْهَا فَصِيلًا وَاحِدًا، تَطَؤُهُ بِأَخْفَافِهَا وَتَعَضُّهُ بِأَفْوَاهِهَا، كُلَّمَا مَرَّ عَلَيْهِ أُولَاهَا رُدَّ عَلَيْهِ أُخْرَاهَا، فِي يَوْمٍ كَانَ مِقْدَارُهُ خَمْسِينَ أَلْفَ سَنَةٍ، حَتَّى يُقْضَى بَيْنَ الْعِبَادِ، فَيَرَى سَبِيلَهُ إِمَّا إِلَى الْجَنَّةِ، وَإِمَّا إِلَى النَّارِ»
قِيلَ: يَا رَسُولَ اللهِ، فَالْبَقَرُ وَالْغَنَمُ؟ قَالَ: «وَلَا صَاحِبُ بَقَرٍ، وَلَا غَنَمٍ، لَا يُؤَدِّي مِنْهَا حَقَّهَا، إِلَّا إِذَا كَانَ يَوْمُ الْقِيَامَةِ بُطِحَ لَهَا بِقَاعٍ قَرْقَرٍ، لَا يَفْقِدُ مِنْهَا شَيْئًا، لَيْسَ فِيهَا عَقْصَاءُ، وَلَا جَلْحَاءُ، وَلَا عَضْبَاءُ تَنْطَحُهُ بِقُرُونِهَا وَتَطَؤُهُ بِأَظْلَافِهَا، كُلَّمَا مَرَّ عَلَيْهِ أُولَاهَا رُدَّ عَلَيْهِ أُخْرَاهَا، فِي يَوْمٍ كَانَ مِقْدَارُهُ خَمْسِينَ أَلْفَ سَنَةٍ، حَتَّى يُقْضَى بَيْنَ الْعِبَادِ، فَيَرَى سَبِيلَهُ إِمَّا إِلَى الْجَنَّةِ، وَإِمَّا إِلَى النَّارِ»
قِيلَ: يَا رَسُولَ اللهِ، فَالْخَيْلُ؟ قَالَ: «الْخَيْلُ ثَلَاثَةٌ: هِيَ لِرَجُلٍ وِزْرٌ، وَهِيَ لِرَجُلٍ سِتْرٌ، وَهِيَ لِرَجُلٍ أَجْرٌ، فَأَمَّا الَّتِي هِيَ لَهُ وِزْرٌ، فَرَجُلٌ رَبَطَهَا رِيَاءً وَفَخْرًا وَنِوَاءً عَلَى أَهْلِ الْإِسْلَامِ، فَهِيَ لَهُ وِزْرٌ، وَأَمَّا الَّتِي هِيَ لَهُ سِتْرٌ، فَرَجُلٌ رَبَطَهَا فِي سَبِيلِ اللهِ، ثُمَّ لَمْ يَنْسَ حَقَّ اللهِ فِي ظُهُورِهَا وَلَا رِقَابِهَا، فَهِيَ لَهُ سِتْرٌ وَأَمَّا الَّتِي هِيَ لَهُ أَجْرٌ، فَرَجُلٌ رَبَطَهَا فِي سَبِيلِ اللهِ لِأَهْلِ الْإِسْلَامِ، فِي مَرْجٍ وَرَوْضَةٍ، فَمَا أَكَلَتْ مِنْ ذَلِكَ الْمَرْجِ، أَوِ الرَّوْضَةِ مِنْ شَيْءٍ، إِلَّا كُتِبَ لَهُ، عَدَدَ مَا أَكَلَتْ حَسَنَاتٌ، وَكُتِبَ لَهُ، عَدَدَ أَرْوَاثِهَا وَأَبْوَالِهَا، حَسَنَاتٌ، وَلَا تَقْطَعُ طِوَلَهَا فَاسْتَنَّتْ شَرَفًا، أَوْ شَرَفَيْنِ، إِلَّا كَتَبَ اللهُ لَهُ عَدَدَ آثَارِهَا وَأَرْوَاثِهَا حَسَنَاتٍ، وَلَا مَرَّ بِهَا صَاحِبُهَا عَلَى نَهْرٍ، فَشَرِبَتْ مِنْهُ وَلَا يُرِيدُ أَنْ يَسْقِيَهَا، إِلَّا كَتَبَ اللهُ لَهُ، عَدَدَ مَا شَرِبَتْ، حَسَنَاتٍ»
قِيلَ: يَا رَسُولَ اللهِ، فَالْحُمُرُ؟ قَالَ: «مَا أُنْزِلَ عَلَيَّ فِي الْحُمُرِ شَيْءٌ، إِلَّا هَذِهِ الْآيَةَ الْفَاذَّةُ الْجَامِعَةُ»: {فَمَنْ يَعْمَلْ مِثْقَالَ ذَرَّةٍ خَيْرًا يَرَهُ، وَمَنْ يَعْمَلْ مِثْقَالَ ذَرَّةٍ شَرًّا يَرَهُ} [الزلزلة: 8].
[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح مسلم: 987]
المزيــد ...
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Алтыны жана күмүшү бар адам, ал экөөнүн акысын бербесе, кыямат күнү болгондо, алтын-күмүшү оттон болгон тактайчага айланат жана ал отко кызытылат, анан аны менен ээсинин капталына, бешенесине жана артына үтүктөлүп белги салынат. Ал муздаган сайын кайра кайталанып турат. Бул күндүн узактыгы элүү миң жылга тете болот. Ошентип качан адамдарга өкүм чыгып, бара турган жерин же бейишти, же тозокту көргөнгө чейин азапталат".
[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих Муслим - 987]
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир канча малдын түрүн атап, алардын акысын (зекетин) бербеген адамдын кыяматтагы абалы кандай болорун баяндаган. Алар төмөнкүлөр:
Биринчи: алтын-күмүш жана ушулардын өкүмүндө пайдаланылган соода буюмдары жана акча бирдиктери. Булар зекеттин өлчөмүнө жеткенде ээси зекет бербесе, кыямат күнү отко ээритилип жалпак тактайдын калыбына келтирилет. Анан аны отко кызытылып, ээси ошону менен азапталат. Анын капталдары, бешенеси жана арты үтүктөлөт. Тактай сууган сайын аны кайра кызытып, кайра азапташат. Мындай азап узундугу элүү миң жылга тете болгон кыямат күнү бүткөнчө, Аллах Таала калайыкка өкүм кылып, бейишке кирчүлөр бейишке, тозокко кирчүлөр тозокко киргенге чейин уланат.
Экинчи: Төөсүнүн зекетин жана акысын бербеген адам. Төөнүн акысынын бири муктаж болгондорго аны саап ичүүгө берип туруу да кирет. Кыямат күнү төөлөрү адаттагыдан чоң болуп, саны да көбөйүп келет. Анан алардын ээсин ээн, тегиз талаага жүз төмөн жаткырып, төөлөр аны тебелеп, тиштеп азаптайт. Биринин артынан бири келип, айланып азаптай беришет. Мындай азап узундугу элүү миң жылга тете болгон кыямат күнү бүткөнчө, Аллах Таала калайыкка өкүм кылып, бейишке кирчүлөр бейишке, тозокко кирчүлөр тозокко киргенге чейин уланат.
Үчүнчү: Уй жана кой-эчкисинин зекетин бербеген адам. кыямат күнү булар да адаттагыдан чоң, саны көп болуп, бири да калбай келет. Анан ээсин ээн, тегиз талаага жүзтөмөн жаткырып, баары мүйүздүү, мүйүздөрү түптүз малдар мүйүзү менен сүзүп, туягы менен жерге таптап тебелеп, биринин артынан бири келип азаптай берет. Мындай азап узундугу элүү миң жылга тете болгон кыямат күнү бүткөнчө, Аллах Таала калайыкка өкүм кылып, бейишке кирчүлөр бейишке, тозокко кирчүлөр тозокко киргенге чейин уланат.
Төртүнчү: жылкы баккан адам. Бул үч түрдүү болот:
Биринчиси: Бакканы үчүн күнөөкөр болот. Анткени, ал элге көрүнүү, мактаныч жана мусулмандарга каршы согушка колдонуу үчүн баккан.
Экинчиси: Бакканы үчүн аты ага көшөгө болот. Анткени ал аны Аллах жолунда багып, жем-чөбүн берип караган.
Үчүнчүсү: Бакканы үчүн сооп алат. Анткени, аны Аллах жолунда жихадга чыгуу үчүн баккан. Ал аттын жайытта же бакчада жеген чөбүнө да жакшылык жазылат. Анын таштаган тезегине жана заарасына да жакшылык жазылат. Эгер арканы үзүлүп дөбө, дөңсөөлөргө чуркап чыкса анын ар бир изине жакшылык жазылат.
Андан кийин пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үй шектери тууралуу сурашты.
Ал мындай деди: Эшек тууралуу эч кандай аян-кабар айтылбады. Бирок жалпы таат жана күнөөлөр тууралуу мындай аят түшкөн: "Кимде-ким кымындын салмагында жакшылык кылса, аны (сыйын) көрөт. Кимде-ким кымындын салмагындай жамандык кылса, аны (жазасын) көрөт" (Зилзала, 8-аят). Ким эшек бакканда аны жакшылыкка пайдаланса, сообун көрөт. Эгер күнөө ишке пайдаланса, анын жаман акыбетин көрөт. Бул аят жалпы иштерге тиешелүү.