+ -

عَنْ عَدِيِّ بْنِ حَاتِمٍ رضي الله عنه قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ:
«مَا مِنْكُمْ مِنْ أَحَدٍ إِلَّا سَيُكَلِّمُهُ اللهُ، لَيْسَ بَيْنَهُ وَبَيْنَهُ تُرْجُمَانٌ، فَيَنْظُرُ أَيْمَنَ مِنْهُ فَلَا يَرَى إِلَّا مَا قَدَّمَ، وَيَنْظُرُ أَشْأَمَ مِنْهُ فَلَا يَرَى إِلَّا مَا قَدَّمَ، وَيَنْظُرُ بَيْنَ يَدَيْهِ فَلَا يَرَى إِلَّا النَّارَ تِلْقَاءَ وَجْهِهِ، فَاتَّقُوا النَّارَ وَلَوْ بِشِقِّ تَمْرَةٍ».

[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح مسلم: 1016]
المزيــد ...

Адий бин Хаатим (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Силерден кимиңер болбосун, жакында Аллах Таала аны менен котормочусуз сүйлөшөт.Ошондо ал оң тарабына карап жасаган жакшы амалдарын гана көрөт. Сол тарабына карап жасаган жаман иштерин гана көрөт. Алдына карап бет алдында турган жалындуу тозокту көрөт. Ошон үчүн жарты курманы садака кылып болсо да тозоктон сактангыла".

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих Муслим - 1016]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабарлайт: Кыямат күнү ар бир момун мусулман Аллах Тааланын алдына келип турат. Аллах Таала аны менен эч кандай ортомчусу, котормочусу жок түзмө-түз сүйлөшөт. Пенде катуу коркконунан бет алдындагы тозоктон кутулуп чыгуунун жолу барбы деп эки жагына алаңдап карайт. Ошондо оң тарабына караганда бул дүйнөдө жасаган жакшы амалдарын көрөт. Сол тарабына караганда жалаң жаман күнөө иштерин көрөт. Алды тарабына караса, тозок отун көрөт. Тозок отунан кутулуунун айласын таппайт. Тозоктун үстүндөгү кыл көпүрөдөн өтүүдөн башка айласы калбайт. Анан пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Өзүңөрдү садака аркылуу тозоктон тоскула, курманын жарымындай нерсе болсо да садака бергиле деп эскертти.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Свахиличе Тайландча Пуштунча Ассамча Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Аз болсо да садака берүүгө, мактоого татыктуу жакшы мүнөздүү болууга, жумшактык, жылуу сөз менен мамиле кылууга үндөгөн.
  2. Кыямат күнү Аллах Таала пенделерге жакын болот. Ошондуктан алардын ортосунда тосмо, же ортомчу, же котормочу керек эмес. Ыймандуу Раббисинин буйруктарына тескери иштерди кылуудан этият болуусу зарыл.
  3. Садака берген нерсесин аз же кичине деп санабоо керек. Садака аз болсо да тозоктон коргоочу болот.
Дагы...