عن أبي هريرة رضي الله عنه عن رسول الله صلى الله عليه وسلم قال:
«مَا نَقَصَتْ صَدَقَةٌ مِنْ مَالٍ، وَمَا زَادَ اللهُ عَبْدًا بِعَفْوٍ إِلَّا عِزًّا، وَمَا تَوَاضَعَ أَحَدٌ لِلهِ إِلَّا رَفَعَهُ اللهُ».

[صحيح] - [رواه مسلم] - [صحيح مسلم: 2588]
المزيــد ...

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:
«Берилген садакадан пенденин мал-дүнүйөсү кемибейт. Пенде башкаларды кечирүү менен Аллах анын кадыр-баркын көтөрөт. Кимдир бирөө Аллах үчүн кичипейил болсо, анда Аллах аны жогору кылат».

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муслим жазып калтырган] - [Сахих Муслим - 2588]

Түшүндүрмө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) берилген садакадан пенденин мал-дүнүйөсү кемибейт, тескерисинче, садака кылган адамдан балээлерди кетирет деп баяндап жатат. Садака кылган адамга Аллах чоң жакшылык менен анын ордун толуктап берет. Демек, садака берүүдөн анын мал-дүнүйөсү кемибейт, кайра көбөйөт.
Өч алуу же ээсин жазалоо мүмкүнчүлүгү болсо да аны кечирүү күч-кубатты жана ар-намысты арттырат.
Ким болбосун, бирөөдөн коркконунан, сылык-сыпаалыгынан, же пайда үмүт кылбастан, Аллахтын жүзү үчүн гана кичипейил, жөнөкөй болсо, анда анын сыйлыгы катары даражасы өйдө болууга жана кадыр-баркка жетүүгө татыктуу болот.

Хадистин пайдалары

  1. Жакшылык жана ийгиликти кээ бирөөлөр башкача деп ойлошсо да, жакшылык жана ийгилик шариятка баш ийип, жакшылык кылууда болот.
Котормолорду көрсөтүү
Тили: Алглисче Урдуча Испанча Дагы... (67)
Дагы...