+ -

عَنْ خُرَيْمِ بْنِ فَاتِكٍ رضي الله عنه قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ:
«الْأَعْمَالُ سِتَّةٌ، وَالنَّاسُ أَرْبَعَةٌ، فَمُوجِبَتَانِ، وَمِثْلٌ بِمِثْلٍ، وَحَسَنَةٌ بِعَشْرِ أَمْثَالِهَا، وَحَسَنَةٌ بِسَبْعِ مِائَةٍ، فَأَمَّا الْمُوجِبَتَانِ: فَمَنْ مَاتَ لَا يُشْرِكُ بِاللهِ شَيْئًا دَخَلَ الْجَنَّةَ، وَمَنْ مَاتَ يُشْرِكُ بِاللهِ شَيْئًا دَخَلَ النَّارَ، وَأَمَّا مِثْلٌ بِمِثْلٍ: فَمَنْ هَمَّ بِحَسَنَةٍ حَتَّى يَشْعُرَهَا قَلْبُهُ، وَيَعْلَمَهَا اللهُ مِنْهُ كُتِبَتْ لَهُ حَسَنَةً، وَمَنْ عَمِلَ سَيِّئَةً، كُتِبَتْ عَلَيْهِ سَيِّئَةً، وَمَنْ عَمِلَ حَسَنَةً فَبِعَشْرِ أَمْثَالِهَا، وَمَنْ أَنْفَقَ نَفَقَةً فِي سَبِيلِ اللهِ فَحَسَنَةٌ بِسَبْعِ مِائَةٍ، وَأَمَّا النَّاسُ، فَمُوَسَّعٌ عَلَيْهِ فِي الدُّنْيَا مَقْتُورٌ عَلَيْهِ فِي الْآخِرَةِ، وَمَقْتُورٌ عَلَيْهِ فِي الدُّنْيَا مُوَسَّعٌ عَلَيْهِ فِي الْآخِرَةِ، وَمَقْتُورٌ عَلَيْهِ فِي الدُّنْيَا وَالْآخِرَةِ، وَمُوَسَّعٌ عَلَيْهِ فِي الدُّنْيَا وَالْآخِرَةِ».

[حسن] - [رواه أحمد] - [مسند أحمد: 18900]
المزيــد ...

Хурайым бин Фатик, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
Алты иш-аракет, төрт түрдүү адам жана эки сөзсүз боло турган иш бар. Ал эми ар бир жакшылык он эседен жети жүз эсеге чейин көбөйтүлүп берилет. Сөзсүз түрдө боло турган эки иш - ал кимде-ким Аллахка ширк кылбай өлсө, анда ал бейишке кирет. Ал эми ким ширк кылып жүрүп өлсө, анда ал тозокко кирет. Бир амалга өзүндөй болгон сооп ал - эгерде-ким бир жакшы ишке ниет кылып ал ишти жүрөгү менен аткарууга аракет кылып кылса, (бирок аткарууга мүмкүнчүлүгү жок болсо деле) Аллах анын жүрөгүн билип ага бир сооп жазат. А эгерде ким бир жаман иш кылса, анда ага бир күнөө жазылат. Ал эми бир жакшылык ишин кылса, анда ага он эсеге чейин көбөйтүлүп берилет. Кимде-ким Аллах жолунда мал-акчасын сарптаса, анда ага жети жүз эсеге чейин көбөйтүлүп берилет. Ал эми адамдар: Бирөөсү, бул дүйнөдө ырыскысы кеңири берилип акыретте куру жалак калат. Бирөөсү, бул дүйнөдө ырыскысы тарып акыретте кенен ырыскыга жетет. Бирөөсү, бул дүйнөдө жана акыретте да ырыскысы тар болот. Акыркысы, бул дүйнөдө жана акыретте да ырыскысы кенен болот».

[Хасан (жакшы)] - [Ахмад жазып калтырган] - [Муснад Ахмад - 18900]

Түшүндүрмө

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, иш-аракеттер алты түргө, ал эми адамдар төрт түргө бөлүнөөрүн айтты. Алты түрдөгү иш-аракеттер алар:
Биринчиси: Ким Аллахка эч нерсени шерик кылбастан өлсө, ал сөзсүз бейишке кирет.
Экинчиси: Ким Аллахка ширк келтирип өлсө, анда ал сөзсүз түрдө тозок отунда түбөлүккө калат.
Мына бул экөө - сөзсүз боло турган иштер.
Үчүнчүсү: Жакшы ниет. Андыктан ким бир жакшылык кылууга ниет кылып, аны жүрөгү менен аткарганга чейин ниетинде чын ыкластуу болсо, анда анын жүрөгүндөгү ниетин Аллах билет. Андан соң ал бул жакшылыкты кылууга мүмкүнчүлүгү болбой калса да, ага толук жакшылык жазылат.
Төртүнчүсү: Жамандык иш-аракет: Кимде-ким бир жамандык кылса, анда ага бир күнөө жазылат.
Мына бул экөө эч кандай көбөйтүлүп берилбейт. Өзүндөй гана сыйлык же жаза берилет.
Бешинчиси: Бир жакшылык ишти ниет кылып, аны аткарган адамга он сооп берилет.
Алтынчы: Бир жакшылык иши үчүн жети жүз соопко чейин берилет. Кимде-ким Аллах жолунда бир мал-мүлкүн сарптаса, анда ага жети жүз соопко чейин жазылат. Бул Аллахтын пенделерине болгон пазилети жана берешендиги.
Ал эми адамдардын төрт түрү алар:
Биринчиси: Бул дүйнөдө ырыскысы кенен болгон жана дүйнөдө каалаган нерсесин тапкан адам, бирок акыретте ал ырыскыдан куру калат жана анын барар жери тозок болот. Ал бай болгон каапыр адам.
Ал эми экинчиси: Бул дүйнөдө ырыскысы тар болуп, акыретте ырыскы кенен болгон адам. Ошондой эле анын барар жери бейиш болот. Ал ыймандуу кедей адам.
Үчүнчүсү: Бул дүйнөдө да, акыретте да ырыскысы тар адам. Ал болсо каапыр кедей адам.
Төртүнчүсү: Бул дүйнөдө да, акыретте да ырыскысы кенен адам. Ал болсо ыймандуу бай адам.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Немисче Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Тажикче Руандача Румынча Венгерче Чехче الموري Малагасиче Италянча Оромочо Каннадача الولوف البلغارية Азерче اليونانية Өзбекче Украинче الجورجية اللينجالا المقدونية
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Аллах Тааланын пенделерине болгон пазилети жана жакшылыктарды көбөйтүп берген улуу берешендиги.
  2. Аллахтын адилеттүүлүгү жана кең пейилдиги. Жамандык иштерде Аллах бизге адилеттүүлүгү менен мамиле кылды. Мындан улам бир жамандык ишке бир күнөөнү гана жазды.
  3. Аллахка ширк келтирүүнүн коркунучу. Анткени ширк кылган адам бейиштен түбөлүктүү куру калат.
  4. Мал-мүлкүн Аллах жолунда сарптоонун пазилети.
  5. Аллах жолунда мал-мүлкүн сарптоого сооптун берилиши жети жүз эседен башталат. Анткени ал Аллахтын сөзүн көтөрүүгө жардам берет..
  6. Адамдардын түрдүүлүгү жана ар кандай жолдору.
  7. Бул дүйнөнүн ырыскылары ыймандуу адамга, каапырга да кенен боло берет. Ал эми акыреттин сыйлыгы ыймандуу адамга гана берилет.
Дагы...