1. Башкы бет
  2. Категориялар
  3. Акыйда (ишеним)

Хадис Шайтан силердин бириңерге келип: «Баланчаны ким жаратты? Муну ким жаратты?» - деген ойлорду салат. Акырында: «Раббиңди ким жаратты?» - деген азгырык суроо салат. Эгерде кимдир бирөөгө мындай азгырык ойлор келсе, анда ал Аллахтан коргоо сурасын жана андай ойлонуусун токтосун

عَن أَبِي هُرَيْرَةَ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ: قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ:
«يَأْتِي الشَّيْطَانُ أَحَدَكُمْ فَيَقُولُ: مَنْ خَلَقَ كَذَا؟ مَنْ خَلَقَ كَذَا؟ حَتَّى يَقُولَ: مَنْ خَلَقَ رَبَّكَ؟ فَإِذَا بَلَغَهُ فَلْيَسْتَعِذْ بِاللهِ وَلْيَنْتَهِ».

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат. Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:
«Шайтан силердин бириңерге келип: «Баланчаны ким жаратты? Муну ким жаратты?» - деген ойлорду салат. Акырында: «Раббиңди ким жаратты?» - деген азгырык суроо салат. Эгерде кимдир бирөөгө мындай азгырык ойлор келсе, анда ал Аллахтан коргоо сурасын жана андай ойлонуусун токтосун».

Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган) Сахих ал-Бухари - 3276

Чечмелөө

Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) шайтандын момунга салган азгырык суроолоруна кандай түрдө мамиле кылууну айтты. Шайтан адамга: «Муну ким жаратты? Тигини ким жаратты? Асманды ким жаратты? Жерди ким жаратты?» - деген ойлорду салат. Ыймандуу адам ага шарият, таза табият жана акыл менен Аллах деп жооп берет. Бирок шайтан азгырууда бул чекте гана токтоп калбайт. Ал адамга: «Раббиңди ким жаратты?» - деген ойго чейин алып барат. Ошондо момун адам бул азгырыкты үч нерсе менен кайтарат:
Аллахка ыйман келтирүү менен
Аллахтан шайтандын азгырыгынан коргоону сурануу менен.
Шайтандын салган азгырыктарын токтотуу менен.

Хадистин пайдалары

  1. Шайтандын азгырыктарынан жана адамга салган азгырык ойлорунан баш тартуу жана алар жөнүндө ойлонбоо керек. Ошондой эле аларды кетирүү үчүн Аллах Таалага кайрылуу зарыл.
  2. Адамдын жүрөгүнө шариятка карама-каршы келген ойлордун баары шайтандан.
  3. Аллахтын заты жөнүндө ойлонуу тыюу салынган иштерден. Бирок Анын маклуктары жана аяттары жөнүндө ой жүгүртүүбүз керек.

Котормолорду көрсөтүү

68 Тил
EN English الإنجليزية
UR اردو الأوردية
ES Español الإسبانية
ID Indonesia الإندونيسية
UG ئۇيغۇرچە الأيغورية
BN বাংলা البنغالية
FR Français الفرنسية
TR Türkçe التركية
RU Русский الروسية
BS Bosanski البوسنية
SI සිංහල السنهالية
HI हिन्दी الهندية
ZH 中文 الصينية
FA فارسی الفارسية
VI Tiếng Việt الفيتنامية
TL Tagalog تجالوج
KU Kurdî الكردية
HA Hausa الهوسا
PT Português البرتغالية
ML മലയാളം المليالم
TE తెలుగు التلغو
SW Kiswahili السواحيلية
TA தமிழ் التاميلية
MY မြန်မာ البورمية
TH ไทย التايلندية
DE Deutsch الألمانية
JA 日本語 اليابانية
PS پښتو بشتو
AS অসমীয়া الأسامية
SQ Shqip الألبانية
SV Svenska السويدية
AM አማርኛ الأمهرية
NL Nederlands الهولندية
GU ગુજરાતી الغوجاراتية
NE नेपाली النيبالية
YO Yorùbá اليوروبا
LT Lietuvių الليتوانية
PRS دری الدرية
SR Српски الصربية
SO Soomaali الصومالية
TG тоҷикӣ الطاجيكية
RW Kinyarwanda الكينياروندا
RO Română الرومانية
HU Magyar المجرية
CS Čeština التشيكية
MOS Moore الموري
MG Malagasy المالاجاشية
FF Fulfulde الفولانية
IT Italiano الإيطالية
OM Oromoo الأورومو
KN ಕನ್ನಡ الكانادا
WO Wolof الولوف
BG Български البلغارية
AZ Azərbaycan الأذربيجانية
EL Ελληνικά اليونانية
UZ O‘zbek الأوزبكية
UK Українська الأوكرانية
KA ქართული الجورجية
LN Lingala اللينجالا
MK Македонски المقدونية
KM ភាសាខ្មែរ الخميرية
BM Bambara البامبارية
PA ਪੰਜਾਬੀ البنجابية
MR मराठी الماراثية
DA Dansk الدنماركية
RN Kirundi الكيروندي
KMR Kurmancî الكرمنجية
MS Bahasa Melayu الملايو