+ -

عن ابن عباس رضي الله عنهما قال:
جاءَ رجُلُ إلى النبي صلى الله عليه وسلم فقال: يا رسولَ اللهِ، إن أحدنا يجدُ في نفسِهِ -يُعرِّضُ بالشَّيءِ- لأَن يكونَ حُمَمَةً أحَبُّ إليه من أن يتكلَّم بِهِ، فقال: «اللهُ أكبرُ، اللهُ أكبرُ، الحمدُ لله الذي ردَّ كيدَه إلى الوسوسَةِ».

[صحيح] - [رواه أبو داود والنسائي في الكبرى] - [سنن أبي داود: 5112]
المزيــد ...

Абдуллах бин Аббас, радыяллаху анхума, риваят кылат:
«Бир киши Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа салламга, келип: «Оо, Аллахтын Элчиси, биздин оюбузга ушундай ойлор келет. Аны сизге айтууга караганда күл болуп күйүп калганыбыз жакшыраак» - деп айтат. Анда Пайгамбарыбыз: «Аллаху Акбар! Аллаху Акбар! Шайтандын айла-амалын жөн гана азгырыкка таштаган Аллахка мактоолор болсун!» - деп айтты.

[Сахих (ишенимдүү)] - [Абу Дауд менен ан-Насааи "Ал-Кубро" китебинде жазып калтырган] - [Сунан Абу Дауд - 5112]

Түшүндүрмө

Бир киши Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа салламга, келип: «Оо, Аллахтын Элчиси, биз оюбузга ушунчалык жаман ойлор келет, аны айтканга караганда күл болуп күйүп кеткенибиз жакшыраак» - деп айтышат. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, эки жолу такбир айтып, шайтандын айла-амалы жөн эле азгырык ойлорго айланып кеткени үчүн Аллахка мактоо айтты.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Немисче Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Сомаличе Тажикче Руандача Румынча Венгерче Чехче الموري Малагасиче Фуланиче Италянча Оромочо Каннадача الولوف البلغارية Азерче اليونانية Өзбекче Украинче الجورجية اللينجالا المقدونية
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Шайтан момундарды ыймандан куфрга буруу үчүн аларды ар түрдүү азгырык ойлорго салат.
  2. Ыймандуу адамдардын алдында шайтан алсыз болот. Анткени ал аларга ойлорду гана сала алат.
  3. Ыймандуу адам шайтандын азгырык ойлорун кабыл албай, келген азгырык ойлорду жок кылуу үчүн күрөшүү керек.
  4. Жакшы кабар укканда же таң калыштуу нерсе болгондо же ушуга окшош учурларда Аллахка такбирлерди айтуу керек.
  5. Мусулманды ойлондурган ар түрдүү суроолорду аалымдан суроосу керек
Дагы...