+ -

عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رضي الله عنه قال:
جَاءَ نَاسٌ مِنْ أَصْحَابِ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، فَسَأَلُوهُ: إِنَّا نَجِدُ فِي أَنْفُسِنَا مَا يَتَعَاظَمُ أَحَدُنَا أَنْ يَتَكَلَّمَ بِهِ، قَالَ: «وَقَدْ وَجَدْتُمُوهُ؟» قَالُوا: نَعَمْ، قَالَ: «ذَاكَ صَرِيحُ الْإِيمَانِ».

[صحيح] - [رواه مسلم]
المزيــد ...

Абу Хурайра, радыяллаху, анху риваят кылат:
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, сахабалар келип: «Биздин оюбузга айтканга тил барбаган жаман ойлор келет» - деп сурашты, анда Пайгамбар: «Силерге ушундай ойлор келип жатабы?» - деди. Алар: «Ооба» дешти. Пайгамбар: «Бул ыймандуулуктун ачык белгиси» - деп айтты.

Сахих (ишенимдүү) - Муслим жазып калтырган.

Түшүндүрмө

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, сахабаларынын бир тобу келип, аларга айтканга тил барбаган жаман ойлор келип жатканы туурасында сурашты. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам: «Силерге келип жаткан ойлор ыймандуулуктун белгиси жана шайтан адамдын оюна салган азгырыктарын кайтарган мусулман адамдын бекем ишеними» - деп айтты. «Ошондой эле бул ойлорду айтуу силерге жийиркенүүнү алып келгендиги шайтан силерди азгырып албагандыгынан кабар берет. А эгерде андай келген ойлорду кайтарбасаңар же аны менен күрөшүп жакшы ойлорго өтпөсөңөр, анда шайтан силерди азгырып жүрөгүңөрдү ээлеп алгандын белгиси болот» - деп айтты.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Түркчө Боснияча Сингалча Индияча Ветнамча Күртчө Хаусача Малаяламча Телгиче Свахиличе Бурмача Тайландча Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Сомаличе Тажикче Руандача
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Ыймандуу жана ыкластуу адамдардын алдында шайтан алсыз болот. Анткени аларга азгырык таштай алат. Башка нерсеге күчү жетпейт.
  2. Ойго келген ар кандай ойлорго ишенбөө керек жана кабыл албоо зарыл. Анткени ал шайтандан.
  3. Шайтандын азгырыгы ыймандуу адамга эч кандай зыян келтирбейт. Бирок шайтандын азгырыгынан Аллахтан коргоо тилеп, ага алданып калуудан сактануусу керек. Ошондой эле ага келген жаман ойлорду заматта токтотуу керек.
  4. Мусулман адам өзүнүн динине байланыштуу суроолорго унчукпай турбашы керек. Аны ойлондурган суроолорду дароо илимдүүлөрдөн сурашы керек.