+ -

عَنْ زَيْدِ بْنِ خَالِدٍ الجُهَنِيِّ رضي الله عنه أَنَّهُ قَالَ:
صَلَّى لَنَا رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ صَلَاةَ الصُّبْحِ بِالْحُدَيْبِيَةِ عَلَى إِثْرِ سَمَاءٍ كَانَتْ مِنَ اللَّيْلَةِ، فَلَمَّا انْصَرَفَ أَقْبَلَ عَلَى النَّاسِ، فَقَالَ: «هَلْ تَدْرُونَ مَاذَا قَالَ رَبُّكُمْ؟» قَالُوا: اللهُ وَرَسُولُهُ أَعْلَمُ، قَالَ: «أَصْبَحَ مِنْ عِبَادِي مُؤْمِنٌ بِي وَكَافِرٌ، فَأَمَّا مَنْ قَالَ: مُطِرْنَا بِفَضْلِ اللهِ وَرَحْمَتِهِ، فَذَلِكَ مُؤْمِنٌ بِي وَكَافِرٌ بِالْكَوْكَبِ، وَأَمَّا مَنْ قَالَ: بِنَوْءِ كَذَا وَكَذَا، فَذَلِكَ كَافِرٌ بِي وَمُؤْمِنٌ بِالْكَوْكَبِ».

[صحيح] - [متفق عليه]
المزيــد ...

Зайд бин Халид Аль-Жухани, радыяллаху анху, айтты:
Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, Аль-Худайбияда жамгыр жааган түнү биз менен бирге багымдат намазын окуду. Ал намаздан кийин элге кайрылып: «Раббиңер эмне дегенин билесиңерби?» - деди. Алар: «Аллах жана Анын Элчиси жакшы билет» - деп айтышты. Пайгамбар айтты: «Раббиңер: Менин пенделеримдин арасынан Мага ыйман келтиргени жана Мага каапыр болгону бар» - деди . Кимде-ким: «Бизге Аллахтын пазилети жана ырайымы менен жамгыр жаады» деген болсо, анда алар Мага ыйман келтирди жана жылдыздарга каапырлык кылышты. Ал эми: «Бизге баланча же түкүнчө жылдыздын таасиринен жамгыр жаады» деген болсо, анда ал Мага каапыр болду жана жылдыздарга ыйман келтирди» - деп айтты.

Сахих (ишенимдүү) - Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)

Түшүндүрмө

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, түнү жамгыр жаагандан кийин Меккеге жакын жайгашкан Аль-Худайбия кыштагында багымдат намазын окуду. Салам берип, намазын бүтүргөн соң элге кайрылып: «Улуу Раббиңер эмне дегенин билесиңерби?» – деп сурады. Сахабалар: «Аллах жана Анын Элчиси жакшы билет» - деп жооп беришти. Пайгамбар айтты: "Жамгыр жааганда Аллах Таалага ыйман келтиргендер жана Аллах Таалага каапыр болгондор болуп адамдар экиге бөлүнөрүн Аллах таала баяндады". Ал эми «бизге Аллахтын ырайымы жана пазилети менен жамгыр жаады» деп жамгыр жааганын Аллах Таалага таандык кылса, анда ал жамгыр жаадырган Жаратуучуга, ааламдагы бүткүл иштерди Башкаруучу Аллахка ыйман келтирген болот жана жылдыздарга каапырлык кылган болот.. Ал эми «бизге баланча жылдыздын таасиринен жамгыр жаады» деп жамгыр жааганын кайсыл бир жылдыздарга таандык кылса, анда ал Аллахка капырлык кылды жана жылдыздарга ыйман келтирди. Андыктан жамгырды жылдыздарга таандык кылуу - бул динден чыгарбаган кичине капырлык. Анткени Аллах Таала жамгыр жааганына жылдыздар таасирин тийгизүүсүнө тагдыр жактан себеп кылган эмес жана шариятында да айткан эмес. Кимде-ким жамгыр жааганын жана башка окуяларды жылдыздардын кыймылдарына жана чыккан жерине таандык кылса же аларды чыныгы таасир берүүчү деп эсептесе, анда ал динден чыгарган чоң каапырлык кылган болот.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Түркчө Боснияча Сингалча Индияча Ветнамча Күртчө Хаусача Малаяламча Телгиче Свахиличе Бурмача Тайландча Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Сомаличе Тажикче Руандача
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Жамгырдан кийин: "Аллахтын пазилети жана ырайымы менен жамгыр жаады" - деп айтуу мустахаб иштерден.
  2. Ким жамгырдын жана башка кубулуштардын жаратылганын жана болуп өткөндүгүн жылдыздарга толук таандык кылса, анда ал чоң каапырлык менен каапыр болот. А эгерде жылдыздарды себеп катары көрсө, анда ал кичи каапырлык кылган болот. Анткени жылдыздардын жамгыр жааганына физикалык жактан да шарияттык көз караш менен да таасири жок.
  3. Аллахтын берген жакшылыгына шүгүр келтирбесе, анда ал каапырлыкка себеп болот. А эгерде шүгүр келтирсе, анда ыймандуулукка себеп болот.
  4. «Бизге баланча жылдыздын таасиринен жамгыр жаады» деп айтууга тыюу салынат. Ширк коркунучуна бөгөт коюу үчүн бир убакытты билдирген максатта айтса да болбойт.
  5. Жүрөк жакшылыктарга жетүүдө жана балээлерден сактанууда Аллах Таалага байлануусу керек.