عَنْ عَائِشَةَ رضي الله عنها قَالَتْ:
قُلْتُ: يَا رَسُولَ اللهِ، ابْنُ جُدْعَانَ كَانَ فِي الْجَاهِلِيَّةِ يَصِلُ الرَّحِمَ، وَيُطْعِمُ الْمِسْكِينَ، فَهَلْ ذَاكَ نَافِعُهُ؟ قَالَ: «لَا يَنْفَعُهُ، إِنَّهُ لَمْ يَقُلْ يَوْمًا: رَبِّ اغْفِرْ لِي خَطِيئَتِي يَوْمَ الدِّينِ».
[صحيح] - [رواه مسلم]
المزيــد ...
Айша, радыяллаху анха, айтат:
Мен: "Оо, Аллахтын Элчиси, Ибн Жудаан Исламга чейинки доордо тууганчылык байланыштарды бекемдеп, кедей-кембагалдарды тоюндурчу, бул ага пайдасын береби?" - деп сурадым. Ал айтты: «Бул ага эч кандай пайда алып келбейт, анткени ал эч качан: «Раббим, Кыямат күнү менин күнөөмдү кечир» - деп айткан эмес».
Сахих (ишенимдүү) - Муслим жазып калтырган.
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Исламга чейин Курайштын башчыларынын бири болгон Абдулла ибн Жудаан тууралуу кабар берди. Анын жакшы иштеринин ичинен жакындарына туугандык мамиле кылуусу, аларга жакшылык кылуусу, кедей-кембагалдарды тоюндуруусу жана Ислам дини үндөгөн башка жакшы иштерди кылуусу. Бирок бул иштер ага Акыретте пайда бербейт. Анткени ал Аллахка каапыр болгондугу үчүн жана эч качан: «Раббим, кыямат күнү менин күнөөмдү кечир» деп айтпагандыгы үчүн анын жакшы иштери ага пайда бербейт.