+ -

عن أنس بن مالك رضي الله عنه:
أَنَّ النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ وَمُعَاذٌ رَدِيفُهُ عَلَى الرَّحْلِ قَالَ: «يَا مُعَاذُ بْنَ جَبَلٍ»، قَالَ: لَبَّيْكَ يَا رَسُولَ اللهِ وَسَعْدَيْكَ، قَالَ: «يَا مُعَاذُ»، قَالَ: لَبَّيْكَ يَا رَسُولَ اللهِ وَسَعْدَيْكَ، ثَلَاثًا، قَالَ: «مَا مِنْ أَحَدٍ يَشْهَدُ أَنْ لَا إِلَهَ إِلَّا اللهُ وَأَنَّ مُحَمَّدًا رَسُولُ اللهِ صِدْقًا مِنْ قَلْبِهِ إِلَّا حَرَّمَهُ اللهُ عَلَى النَّارِ»، قَالَ: يَا رَسُولَ اللهِ، أَفَلَا أُخْبِرُ بِهِ النَّاسَ فَيَسْتَبْشِرُوا؟ قَالَ: «إِذًا يَتَّكِلُوا». وَأَخْبَرَ بِهَا مُعَاذٌ عِنْدَ مَوْتِهِ تَأَثُّمًا.

[صحيح] - [متفق عليه]
المزيــد ...

Анас бин Малик (ага Аллах ыраазы болсун) айтат:
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Муазды улоосуна учкаштырып баратып: "Муаз бин Жабал!" - деди. Ал: "Кызматыңызга даярмын, о, Аллахтын элчиси!" - деди. "Муаз!" - деди дагы. "Кызматыңызга даярмын, о, Аллахтын элчиси!" - деди ал. Ушунтип үч жолу айткандан кийин: " Ким чын жүрөгү менен: "Лаа илааха иллаллооху, ва анна Мухамммадан аъбдуху ва расуулух" - деп күбөлүк берсе, Аллах анын тозокко кирүүсүн арам кылат" - деди. "О, Аллахтын элчиси, муну адамдарга айтып сүйүнчүлөйүнбү?" - деди Муаз. "Андай кылсаң, ушуга таянып алышат" - деди. Бул хадисти Муаз өлөр алдында хадисти айтпай жашырып кетүүдөн корккону үчүн айтты.

Сахих (ишенимдүү) - Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)

Түшүндүрмө

Муаз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) артында, анын улоосуна учкашып бараткан. Аны: "Эй, Муаз!" - деп үч жолу чакырган, анткени ага айта турган сөзү өтө маанилүү экенин билдирген.
Анын ар бир чакырыгына Муаз (ага Аллах ыраазы болсун) "Лаббайка, я расуулуллоохи, ва саъдайка" деп "Сизге кайра-кайра жооп кайтарууга даярмын, о Аллахтын элчиси, сизге жооп берүү мен үчүн бакыт алып келет деп үмүт кылам" - деп жооп берип жатты.
Ошондон кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким "Лаа илааха иллаллооху" деп т.а. Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок, Мухаммад болсо Аллахтын элчиси деп жалган эмес, чын жүрөгүнөн күбөлүк берсе, анан ошол абалында өтүп кетсе, Аллах аны тозокко киргизбестигин кабарлады.
Муаз (ага Аллах ыраазы болсун) пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) анын айтканын адамдарга кабарлап, аларды кубантып сүйүнчүлөйүнбү деп сурайт.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдар ошого үмүт артып, башка амалдарын таштап коёбу деп чочулайт.
Муаз (ага Аллах ыраазы болсун) бул хадисти өлүм сааты жакындаганга чейин эч кимге айткан эмес. Өлүмүнө жакын хадисти айтпай жашырганы үчүн күнөөкөр болуп калуудан коркуп айткан.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Жапончо Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сомаличе Руандача
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Муазды улоосуна учкаштырып алганы пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кичи пейил, жөнөкөйлүгүнөн.
  2. Айта турган сөзүнө жакшы көңүл бурдуруу үчүн Муазга кайра-кайра кайрылганы пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) таалим берүүдөгү мыкты ыкмаларынан.
  3. Күбөлүк келмесинин шарттаты: Лаа илааха иллаллооху ва анна Мухаммадан расуулуллохи келмесин айтуучу жалгандан эмес, шектенбей, бекем ишеним менен чын жүрөктөн айтышы керек.
  4. Бир кудайга сыйынуу ишеними менен өткөн адамдар тозокто түбөлүк калбайт. Эгер күнөө себептүү тозокко кирсе да, тазалангандан кийин андан чыгып бейишке кирет.
  5. Чын жүрөгү менен айткан адамга бул эки күбөлүктүн артыкчылыгы чоң.
  6. Эгер туура эмес түшүнүктү пайда кыла турган болсо, кээ бир абалдарда хадисти жашырып айтпай турган оң.