1. Башкы бет
  2. Категориялар
  3. Акыйда (ишеним)

Хадис Мусулман адам - башка мусулмандар анын колунан жана тилинен зыян тартпаган адам. Мухажир адам - Аллах тыюу салган нерселерди таштаган адам

عَنْ عَبْدِ اللَّهِ بْنِ عَمْرٍو رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُمَا عَنِ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ:
«المُسْلِمُ مَنْ سَلِمَ المُسْلِمُونَ مِنْ لِسَانِهِ وَيَدِهِ، وَالمُهَاجِرُ مَنْ هَجَرَ مَا نَهَى اللَّهُ عَنْهُ».

Абдуллах бин Амрдын (Аллах андан ыраазы болсун) риваятында пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Мусулман адам - башка мусулмандар анын колунан жана тилинен зыян тартпаган адам. Мухажир адам - Аллах тыюу салган нерселерди таштаган адам".

Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган) Сахих ал-Бухари - 10

Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Исламды толук карманган мусулман адам башка мусулмандар анын тилинен аман болгон адам. Б.а. аларды сөкпөгөн, наалат айтпаган, артынан сүйлөбөгөн жана алардын ортосунда тили менен зыянын тийгизе турган эч бир ишке барбаган адам. Ошондой эле анын колунан да жамандык көргөн эмес, б.а. ал эч кимге өкүм зордук кылган эмес, мал-мүлкүн тартып алган эмес ж.б.у.с. Ал эми мухажир - Аллах арам кылган нерсени таштаган адам.

Хадистин пайдалары

  1. Исламдын толуктугу - материалдык болобу, маънаваий болобу башкаларга зыян берүүдөн сактануу менен гана болот.
  2. Тил жана колдун баса белгиленип айтылуусу, бул экөөнүн көп ката кетиргени жана зыян бергени үчүн, чынында жамандыктын көбү тил жана кол менен ишке ашат.
  3. Күнөөлөрдү таштоого жана Аллахтын буйруктарын бекем кармоого кызыктыруу.
  4. Мусулмандардын абзели Аллахтын да, пенделердин да укугун сактаганы.
  5. Душмандык кылуу тил менен да, кол менен да болушу мүмкүн.
  6. Чыныгы көчүү - Аллах арам кылган нерселерди таштоо.

Котормолорду көрсөтүү

57 Тил
EN English الإنجليزية
UR اردو الأوردية
ES Español الإسبانية
ID Indonesia الإندونيسية
UG ئۇيغۇرچە الأيغورية
BN বাংলা البنغالية
TR Türkçe التركية
RU Русский الروسية
BS Bosanski البوسنية
SI සිංහල السنهالية
HI हिन्दी الهندية
ZH 中文 الصينية
FA فارسی الفارسية
VI Tiếng Việt الفيتنامية
TL Tagalog تجالوج
KU Kurdî الكردية
HA Hausa الهوسا
PT Português البرتغالية
ML മലയാളം المليالم
TE తెలుగు التلغو
SW Kiswahili السواحيلية
MY မြန်မာ البورمية
TH ไทย التايلندية
DE Deutsch الألمانية
PS پښتو بشتو
AS অসমীয়া الأسامية
SQ Shqip الألبانية
SV Svenska السويدية
AM አማርኛ الأمهرية
NL Nederlands الهولندية
GU ગુજરાતી الغوجاراتية
NE नेपाली النيبالية
YO Yorùbá اليوروبا
LT Lietuvių الليتوانية
PRS دری الدرية
SR Српски الصربية
SO Soomaali الصومالية
TG тоҷикӣ الطاجيكية
RW Kinyarwanda الكينياروندا
RO Română الرومانية
HU Magyar المجرية
CS Čeština التشيكية
MOS Moore الموري
MG Malagasy المالاجاشية
IT Italiano الإيطالية
OM Oromoo الأورومو
KN ಕನ್ನಡ الكانادا
WO Wolof الولوف
AZ Azərbaycan الأذربيجانية
UZ O‘zbek الأوزبكية
UK Українська الأوكرانية
KA ქართული الجورجية
MK Македонски المقدونية
KM ភាសាខ្មែរ الخميرية
PA ਪੰਜਾਬੀ البنجابية
MR मराठी الماراثية
KMR Kurmancî الكرمنجية