+ -

عَنْ عَبْدِ الرَّحْمَنِ بْنِ سَمُرَةَ رضي الله عنه قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ:
«لَا تَحْلِفُوا بِالطَّوَاغِي، وَلَا بِآبَائِكُمْ».

[صحيح] - [رواه مسلم] - [صحيح مسلم: 1648]
المزيــد ...

Абдурахман бин Самура (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Шайтандардын (сыйынылган буттар) жана ата-бабаңардын аты менен ант ичпегиле".

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муслим жазып калтырган] - [Сахих Муслим - 1648]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) таагут-шайтандарга, тагыраак айтканда, мушриктер Аллахтын ордуна сыйынган бардык бут-буркандардын аты менен ант ичүүдөн тыйган. Бул алардын чектен чыгып, каапыр болгону үчүн. Ошондой эле ата-бабаларынын аты менен ант ичүүдөн да тыйган. Жахилият учурунда араптарда мактаныч жана ыйыктоо үчүн аталарынын аты менен ант ичүү адаты болгон.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тайландча Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Сербче Румынча Малагасиче الجورجية
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Аллахтын аты менен жана Анын улук ысым сыпаттары менен гана ант ичүүгө болот.
  2. Таагуттун аты менен, ата-бабанын аты менен, башчылардын, бут-айкелдердин аты менен ж.б. батыл нерселер менен ант ичүү арам.
  3. Аллахтын атынан башка нерсе менен ант ичүү кичине ширк болуп эсептелет. Эгерде ант ичкен адам ант ичип жаткан нерсени чын жүрөгү менен ыйыктап, аны ыйык деп эсептеп ант ичсе, бул чоң ширк болот. Анткени аны Аллахты улуктагандай улуктап, ант ичкенин ага ибадат кылгандай ишенип алат.
Дагы...