+ -

عن أُمِّ عَطِيَّةَ رَضي الله عنها، وكَانَتْ بايَعَت النبيَّ صلى الله عليه وسلم، قالت:
كُنَّا لا نَعُدّ الكُدرَةَ والصُّفْرَةَ بعدَ الطُّهرِ شيئًا.

[صحيح] - [رواه أبو داود بهذا اللفظ، ورواه البخاري بدون زيادة (بعد الطهر)] - [سنن أبي داود: 307]
المزيــد ...

Умму Атия (ага Аллах ыраазы болсун), пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) убада-келишим берген аял, ал минтип айтат:
Тазалыктан кийин кызгылтым жана саргыч суу келсе, аны айыз деп эсептечү эмеспиз.

[Сахих (ишенимдүү)] - [Абу Дауд ушул айтымын жазып калтырган, Бухари болсо (тазалыктан кийин) деген кошумчасы жок жазып калтырган]

Түшүндүрмө

Сахаба аялдардын бири Умму Атия (ага Аллах ыраазы болсун) пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) заманында айыз көрүп бүткөндөн кийин келген өңү кызгылтым жана саргыч сууга айыз деп маани беришпегенин, ал үчүн намазды да, орозону да калтырышпаганын айткан.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тайландча Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Дариче Сербче Сомаличе Румынча Чехче Малагасиче Оромочо
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Аял киши айыз көрүп бүткөндөн кийин келген өңү кызгылт же сары сууга этибар кылынбайт.
  2. Кызгылтым же сары түстөгү кан айыз учурунда же айыз деп саналган адатында келсе, анда айыз деп эсептелет. Анткени, ал өз убагында суу аралашып келген кан болуп эсептелет.
  3. Тазалыктан кийин келген кызгылтым жана сары суу үчүн аялдар намазды да, орозону да токтотпойт, даарат алып намазын окуй берет.