+ -

عَنْ عَائِشَةَ أُمِّ المؤْمنينَ رَضيَ اللهُ عنها:
أَنَّ النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ كَانَ إِذَا خَرَجَ مِنَ الغَائِطِ قَالَ: «غُفْرَانَكَ».

[صحيح] - [رواه أبو داود والترمذي وابن ماجه وأحمد] - [سنن أبي داود: 30]
المزيــد ...

Ыймандуулардын энеси Айша (ага Аллах ыраазы болсун) айтат:
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ажатканадан чыкканда: "Гуфранака" деп айтчу.

[Сахих (ишенимдүү)] - [Абу Дауд, ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган] - [Сунан Абу Дауд - 30]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ажатын өтөп чыкканда: "О, Аллах, мени кечирүүңдү сураймын" - деп айтчу.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Малаяламча Телгиче Свахиличе Тайландча Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Румынча Малагасиче
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Ажатканадан чыкканда "Гуфранака" деп айтуу сүннөт.
  2. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бардык абалдарында Аллахка истигфар айтып, кечирим тилеген.
  3. Ажатканадан чыкканда кечирим тилөөнүн себеби: Аллахтын көптөгөн нээматтарына, анын ичинде заң жана заараны жеңил чыкканына шүгүр айтылбай калганы үчүн. Ажат өтөп жаткан учурда Сага шүгүр келтире албаганым үчүн мени кечир деген маани дешкен.