عَنْ أَنَسٍ رضي الله عنه قَألَ:
كَانَ النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ إِذَا دَخَلَ الخَلاَءَ قَالَ: «اللَّهُمَّ إِنِّي أَعُوذُ بِكَ مِنَ الخُبُثِ وَالخَبَائِثِ».
[صحيح] - [متفق عليه]
المزيــد ...
Анас (ага Аллах ыраазы болсун) айтат:
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ажатканага кирээрде: "Аллахым, жиндердин эркек, ургаачысынын жамандыгынан сактоону Өзүңдөн тилейм" деп айтчу.
Сахих (ишенимдүү) - Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) заара же заңдоо үчүн ажетин өтөй турган жерге кирүүнү каалаганда, Аллахтан коргоо тилөөчү жана шайтандын эркек жана ургаачысынын жамандыгынан сактагын деп Ага сүйөнчү. Ал-Хубс вал-Хабааис деген сөздөр, жамандык жана ыпластык деп да чечмеленет.