+ -

عَنْ أَبِي سَعِيدٍ الخُدْرِيِّ رضي الله عنه قَالَ:
كَانَ النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ أَشَدَّ حَيَاءً مِنَ العَذْرَاءِ فِي خِدْرِهَا، فَإِذَا رَأَى شَيْئًا يَكْرَهُهُ عَرَفْنَاهُ فِي وَجْهِهِ.

[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح البخاري: 6102]
المزيــد ...

Абу Саид Худри (ага Аллах ыраазы болсун) айтат:
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көшөгөнүн артындагы бойго жеткен кыздан да уялчаак эле. Эгерде кайсы бир нерсени жактырбаса, жүзүнөн байкайт элек.

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих ал-Бухари - 6102]

Түшүндүрмө

Абу Саид Худри (ага Аллах ыраазы болсун) пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) уялчаактыгын бойго жеткен, турмушка чыга элек, эркектерден өзүн жашырган кызга салыштырган. Анткени, анын уяттуулугу жогору болгон, эгер бир нерсени жактырбаса, жүзү өзгөрүп кетет эле жана эч нерсе деп айтчу эмес. Сахабалар анын жүзүнөн жактырбай жатканын байкашчу.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Свахиличе Тайландча Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Румынча
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көркөм мүнөздөрүнүн бири ал –уяттуулугу болгон.
  2. Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) уяттуулугу аны Аллах арам кылган иштерди айтуудан токтотуп койгон эмес. Эгер мындай иштерди көрсө, ачууланып, саахабаларын буйруп же тыйып турчу.
  3. Уяттуулук сыпатын мүнөзгө киргизүү зарыл, анткени, уяттуулук жакшы иштерди аткарып, жаман ишти таштоого түрткү болот.