+ -

عَنِ ابْنِ مَسْعُودٍ رضي الله عنه عَنِ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ:
«سَتَكُونُ أَثَرَةٌ وَأُمُورٌ تُنْكِرُونَهَا» قَالُوا: يَا رَسُولَ اللَّهِ فَمَا تَأْمُرُنَا؟ قَالَ: «تُؤَدُّونَ الحَقَّ الَّذِي عَلَيْكُمْ، وَتَسْأَلُونَ اللَّهَ الَّذِي لَكُمْ».

[صحيح] - [متفق عليه]
المزيــد ...

Абу Масуъддун (ага Аллах ыраазы болсун) риваятында, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деди:
"Келечекте өзүмчүл башчылар жана диниңерде жек көргөн иштер болот". О, Аллахтын элчиси, (ал учурда) бизди эмне кылууга буйруйсуң - дешти (сахабалар). "Силердин моюнуңардагы милдетиңерди аткара бергиле, акыңарды Аллахтан сурагыла" - деди.

Сахих (ишенимдүү) - Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келечекте мусулмандарга алардын мал-мүлкүнө ж.б. дүйнө иштерине кыянат кыла турган башчылар башчылык кыларын кабарлаган. Ал башчылар алардын мал-мүлкүн каалагандай жумшап, мусулмандардын акысынан тыят. Ошондой эле аларда динде четке кагылган иштер пайда болот. Сахабалар (аларга Аллах ыраазы болсун) ошол учурда эмне кылуу керектигин сурайт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алардын мал-мүлктү каалагандай жумшоосу, силерди башчыны угуп, ага баш ийүү милдетинен тыйып койбоосу керектигин айтат. Тескерисинче, сабыр кылгыла, уккула, баш ийгиле, алардан бийликти талашпагыла, өзүңөргө тиешелүү акыны, башчыларды оңдоп-түзөөнү, алырдын жамандыгын жана зулумдугун жок кылууну Аллахтан сурагыла - деди.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Телгиче Свахиличе Тайландча Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Гужаритиче Непалча Йорубача Дариче Сомаличе Руандача
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Бул хадис пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) пайгамбарлыгынын далили. Келечекте үммөтүндө боло турган нерсени айткан, анан дал ошондой болду.
  2. Сыноого туш болуучу адамга ал кабыла турган сыноону айтса болот; ал өзүн даярдап, сыноо келгенде ага сабырдуу болуп, сооп үмут кылуусу үчүн.
  3. Куран менен сүннөткө таянуу фитна жана келишпестиктерден чыгаруучу (курал).
  4. Жакшылык иштерде башчыларды угуп, аларга баш ийүүгө, алардан зулумдук көрүшсө да, аларга каршы чыкпоого, үндөө.
  5. Фитна учурунда сүннөткө ээрчип, даанышмандыкты пайдалануу (керек).
  6. Эгер ага зулумдук кылынып жатса да, инсанга анын моюнундагы милдет-акыны аткаруу зарыл.
  7. Хадисте төмөнкү эрежеге далил бар: Жамандыктардын жеңили, зыяндардын кичиги тандалат.