+ -

عَنْ عَبْدِ اللَّهِ بنِ عُمرَ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُما أَنَّ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ:
«كُلُّكُمْ رَاعٍ فَمَسْئُولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ، فَالأَمِيرُ الَّذِي عَلَى النَّاسِ رَاعٍ وَهُوَ مَسْئُولٌ عَنْهُمْ، وَالرَّجُلُ رَاعٍ عَلَى أَهْلِ بَيْتِهِ وَهُوَ مَسْئُولٌ عَنْهُمْ، وَالمَرْأَةُ رَاعِيَةٌ عَلَى بَيْتِ بَعْلِهَا وَوَلَدِهِ وَهِيَ مَسْئُولَةٌ عَنْهُمْ، وَالعَبْدُ رَاعٍ عَلَى مَالِ سَيِّدِهِ وَهُوَ مَسْئُولٌ عَنْهُ، أَلاَ فَكُلُّكُمْ رَاعٍ وَكُلُّكُمْ مَسْئُولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ».

[صحيح] - [متفق عليه]
المزيــد ...

Абдуллах бин Умар (ал экөөнө Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Баарыңар кайтаруучусуңар жана кайтарганыңарга жоопкерсиңер. Адамдарга кайтаруучу болгон башчы аларга жоопкер. Эркек киши үй-бүлөсүн кайтаруучу, ал аларга жоопкер. Аял киши күйөөсүнүн үйүнө жана балдарына кайтаруучу, ал аларга жоопкер. Кул кожоюнунун мал-мүлкүнө кайтаруучу, ал ага жоопкер. Билип алгыла, баарыңар кайтаруучусуңар жана баарыңар жоопкерсиңер".

Сахих (ишенимдүү) - Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)

Түшүндүрмө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) коомчулуктагы ар бир мусулмандын кам көрүшү жана көтөрүүсү керек болгон жоопкерчилик жүктөлгөндүгүн кабар берет. Имам же башчы Аллах ага башкартып койгон адамдар үчүн кайтаруучу, анын моюнуна алардын шариятын сактоо, аларга зулумдук кылгандардан коргоо, душмандарына каршы күрөшүү жана укуктарын коргоо жүктөлгөн. Эркек киши үй-бүлөсүндө аларды каржылоого, жакшы мамиле жасоого, таалим-тарбия берүүгө, адеп берүүгө милдеттүү. Аял киши күйөөсүнүн үйүндө үй иштерин жакшы жүргүзүүгө, балдарына жакшы тарбия берүүгө милдеттүү. Ал ушул нерселер тууралуу суралат. Кызматчы же мандикер иштеген адам кожоюндун анын колунда турган мал-келин сактоого жана кылган кызматына жоопкер, ал ушулар үчүн суралат. Ар ким өзүнө тапшырылган нерсенин кайтаруучусу жана алар тууралуу сөзсүз суралат.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Свахиличе Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Гужаритиче Непалча Йорубача Дариче Сомаличе
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Мусулман коомундагы жоопкерчилик жалпыга бирдей, ар ким өз абалына, өз кудуретине, өз жоопкерчилигине жараша суралат.
  2. Аял кишинин жоопкерчилиги жогору, ал күйөөсүнүн үйүнүн акысын сактоого жана балдарына тиешелүү милдеттерин аткарууга тийиш.
Дагы...