عن أسامة بن زيد رضي الله عنهما عن النبي صلى الله عليه وسلم قال:
«مَا تَرَكْتُ بَعْدِي فِتْنَةً أَضَرَّ عَلَى الرِّجَالِ مِنَ النِّسَاءِ».

[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح البخاري: 5096]
المزيــد ...

Усама бин Зайд (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Мен өткөндөн кийин эркектерге аялдардан өткөн фитна-азгырык болбойт".

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих ал-Бухари - 5096]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчыгы жана мактоосу болсун) өзүнөн кийин эркектерге аялдардын азгырыгынан өткөн зыяндуу сыноо болбостугун айткан. Эгер аял эркектин үй-бүлөсүнөн болсо, шариятка тескери иштерде аны ээрчип кетет. Эгер аял жат болсо, аларга аралашуу, жалгыз калуу менен натыйжасы бузук ишке алып барат.

Хадистин пайдалары

  1. Мусулман адамга аялдардын фитнасынан сактануу зарыл, фитнага алып бара турган жолдордун баарын тосуу керек.
  2. Ыймандуу адам фитнадан саламат болууда Аллахка таянуусу зарыл.
Котормолорду көрсөтүү
Тили: Алглисче Урдуча Испанча Дагы... (63)
Дагы...