+ -

عَن عَبْدِ اللَّهِ بنِ مَسْعُودٍ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ قَالَ: كُنَّا مَعَ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، فَقَالَ:
«مَنِ اسْتَطَاعَ البَاءَةَ فَلْيَتَزَوَّجْ، فَإِنَّهُ أَغَضُّ لِلْبَصَرِ، وَأَحْصَنُ لِلْفَرْجِ، وَمَنْ لَمْ يَسْتَطِعْ فَعَلَيْهِ بِالصَّوْمِ، فَإِنَّهُ لَهُ وِجَاءٌ».

[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح البخاري: 1905]
المزيــد ...

Абдуллах бин Масуд (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен бирге болчубуз. Бир маалда ал мындай деди:
"Кимде-ким никенин акысын бере алса, анда үйлөнсүн. Анткени үйлөнүү көзгө көшөгө жана зынадан коргоочу болот. Кимде-ким никенин акысын бере албаса, анда ага орозо кармоо зарыл, анткени орозо аны бычкан сыяктуу шакыбатын токтотот".

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих ал-Бухари - 1905]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аялынын жыныстык кумарын кандырууга жарактуу жана аны каржылоого мүмкүнчүлүгу бар жигиттерди батыраак үйлөнүүгө үндөгөн. Анткени, үйлөнүү адамды көзүн арамга артуудан, зынага же башка бузук ишке баруудан сактайт. Ал эми нике менен бүлөсүн каржылоого мүмкүнчүлүгү жок бирок жыныстык катнашка жарактуу болсо, анда аны орозо кармоого үндөйт. Анткени, орозо адамдын кумар каалоосун басаңдатат.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Свахиличе Тайландча Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Румынча
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Ислам дини жаман, бузуку иштерден сак болууну алдын алат.
  2. Ошондой эле никенин акысын бере албагандарды орозо кармоого үндөгөн; анткени орозо адамдын кумар каалоосун басаңдатат.
  3. Орозону "бычып коюуга" окшоткону, бычканда уруктук чыгуучу бездер алып салынып аны менен кошо кумар каалоосу жоголот. Ошол сыяктуу орозо да кумар каалоону алсыздатат.