+ -

عن أبي هريرة رضي الله عنه قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم:
«مَنْ صَامَ رَمَضَانَ إِيمَانًا وَاحْتِسَابًا غُفِرَ لَهُ مَا تَقَدَّمَ مِنْ ذَنْبِهِ»

[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح البخاري: 38]
المزيــد ...

Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Кимде-ким Рамазанда ыйман келтирип жана сооп үмүт кылып орозо кармаса, анда анын мурунку күнөөлөрү кечирилет».

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих ал-Бухари - 38]

Түшүндүрмө

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, мындай деп кабарлап жатат: Кимде-ким Рамазан айында Аллахка ыйман келтирип жана орозонун парздыгын тастыктап орозо кармаса, анда Аллах Таала орозо кармагандар үчүн сыйлыктарды жана соопторду даярдап койгон. Ал бул орозосун Аллах Тааланын ыраазычылыгы үчүн, жоро көрсүн жана эл уксун дебестен кармаса, анда анын мурунку күнөөлөрү кечирилет.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Немисче Жапончо Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Сомаличе Тажикче Руандача Румынча Венгерче Чехче الموري Малагасиче Фуланиче Италянча Оромочо Каннадача الولوف البلغارية Азерче Өзбекче Украинче الجورجية المقدونية
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Ыкластуулуктун пазилети, ыкластуулуктун Рамазан орозосунда жана башка жакшы иш-аракеттердеги маанилүүлүгү.