عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ:
«قَالَ اللَّهُ: كُلُّ عَمَلِ ابْنِ آدَمَ لَهُ، إِلَّا الصِّيَامَ، فَإِنَّهُ لِي وَأَنَا أَجْزِي بِهِ، وَالصِّيَامُ جُنَّةٌ، وَإِذَا كَانَ يَوْمُ صَوْمِ أَحَدِكُمْ فَلاَ يَرْفُثْ وَلاَ يَصْخَبْ، فَإِنْ سَابَّهُ أَحَدٌ أَوْ قَاتَلَهُ، فَلْيَقُلْ إِنِّي امْرُؤٌ صَائِمٌ، وَالَّذِي نَفْسُ مُحَمَّدٍ بِيَدِهِ، لَخُلُوفُ فَمِ الصَّائِمِ أَطْيَبُ عِنْدَ اللَّهِ مِنْ رِيحِ المِسْكِ، لِلصَّائِمِ فَرْحَتَانِ يَفْرَحُهُمَا: إِذَا أَفْطَرَ فَرِحَ، وَإِذَا لَقِيَ رَبَّهُ فَرِحَ بِصَوْمِهِ».
المزيد
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Аллах Таала айтат: "Адам баласынын бардык амалы өзү үчүн. Бир гана орозосу андай эмес. Анын орозосу Мен үчүн жана анын сооп-сыйын Мен Өзүм берем". Орозо - бул, калканч. Кимдир бирөөңөр орозо кармасаңар, ал күндө жаман сөздөрдү сүйлөбөгүлө, кыйкырып, талашып-тартышпагыла. Эгер орозо адамды бирөө тилдеп же мушташмакчы болсо, ага "мен орозо кишимин" деп айтсын. Мухаммаддын жаны колунда турган Аллахка ант берип айтам, орозо кармаган адамдын оозунан чыккан жыт Аллахтын алдында мисктин жытынан да жыттуу. Орозо туткан адамдын сүйүнө турган эки убагы бар: биринчиси, ооз ачкан убакта кубанат. Экинчиси, Раббисине жолуккан учурда бул дүйнөдө орозо тутканына кубанат".