+ -

عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رضي الله عنه عَنِ النَّبِيِّ صلى الله عليه وسلم قَالَ:
«لَا يَقْبَلُ اللهُ صَلَاةَ أَحَدِكُمْ إِذَا أَحْدَثَ حَتَّى يَتَوَضَّأَ».

[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح البخاري: 6954]
المزيــد ...

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген:
"Силерден бирөөңөрдүн даараты бузулса, даарат алмайынча Аллах намазын кабыл кылбайт".

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих ал-Бухари - 6954]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намаздын туура болуусунун бир шарты даарат экенин кабарлаган. Дааратты буза турган заңдоо, зааралоо, уктоо ж.б. иштердин бири болгондон кийин, намаз окумакчы болгон адам сөзсүз даарат алуусу зарыл.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Немисче Жапончо Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Сомаличе Руандача Румынча Венгерче Чехче الموري Малагасиче Оромочо Каннадача الولوف Азерче Украинче الجورجية
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Даараты жок адам, эгер чоң дааратсыздыкта болсо, жуунуп тазаланмайынча, кичине дааратсыздыкта болсо даарат алмайынча окуган намазы кабыл болбойт.
  2. Даарат бул, сууну алып оозуна уурттап, кайра чыгаруу, анан мурундун ичине сууну киргизип, кайра чыгарып, чимкирүү, андан кийин үч жолу бетин жуу, анан колун чыканактары менен бирге үч жолу жуу, анан башына толук бир жолу масх тартуу, акырында бутун томуктары менен бирге үч жолу жуу.