+ -

عَن أَبِي أُمَامَةَ رضي الله عنه قَالَ: سَمِعْتَ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَخْطُبُ فِي حَجَّةِ الوَدَاعِ فَقَالَ:
«اتَّقُوا اللَّهَ رَبَّكُمْ، وَصَلُّوا خَمْسَكُمْ، وَصُومُوا شَهْرَكُمْ، وَأَدُّوا زَكَاةَ أَمْوَالِكُمْ، وَأَطِيعُوا ذَا أَمْرِكُمْ تَدْخُلُوا جَنَّةَ رَبِّكُمْ».

[صحيح] - [رواه الترمذي وأحمد] - [سنن الترمذي: 616]
المزيــد ...

Абу Умама (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) коштошуу ажылыгында минтип кутпа кылганын уктум:
"Раббиңер Аллахтан корккула, беш убак намазыңарды окугула, айлык орозоңорду кармагыла, мал-дүйнөңөрдүн зекетин бергиле, жол башчыңарга баш ийгиле, ошондо Раббиңердин бейишине киресиңер".

[Сахих (ишенимдүү)] - [Ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган] - [Сунан ат-Тирмизи - 616]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) хижранын онунчу жылындагы коштошуу ажылыгында, Арафа күнү кутпа айткан. Пайгамбарыбыз анда эл менен коштошкондуктан, бул ажылыгы "коштошуу ажылыгы" деп аталып калган. Адамдардын баарын Аллахтын буйругун аткарып, кайтарганынан тыйылып такыба болууга буйруган. Аллах Таала күнү-түнү окулуусун парз кылган беш убак намазды окууга (буйруган). Рамазан айында орозо кармоого (буйруган). Сараңдык кылбай, татыктуу адамга малдын зекетин берүүгө (буйруган). Аллах Таала башчы кылган адамдарга күнөө иштен башкасында баш ийүүгө (буйруган). Ким ушул айтылгандарды аткарса, анын сыйлыгы - бейишке кирүү.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тайландча Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Сомаличе Руандача Румынча Венгерче Чехче الموري Малагасиче Оромочо Каннадача الولوف Украинче الجورجية
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Мына ушул амалдар бейишке кирүү себеп болот.
Дагы...