عَنْ مُعَاذِ بْنِ جَبَلٍ رضي الله عنه:
أَنَّ رَسُولَ صَلَّى عَلَيْهِ وَسَلَّمَ أَخَذَ بِيَدِهِ، وَقَالَ: «يَا مُعَاذُ، وَاللَّهِ إِنِّي لَأُحِبُّكَ»، فَقَالَ: «أُوصِيكَ يَا مُعَاذُ لَا تَدَعَنَّ فِي دُبُرِ كُلِّ صَلَاةٍ تَقُولُ: اللَّهُمَّ أَعِنِّي عَلَى ذِكْرِكَ وَشُكْرِكَ وَحُسْنِ عِبَادَتِكَ».

[صحيح] - [رواه أبو داود والنسائي وأحمد] - [سنن أبي داود: 1522]
المزيــد ...

Муаз бин Жабал (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Муаздын колунан кармап: "Эй Муаз, Аллахка ант берип айтам, мени сени жакшы көрөм" - деди. Анан: "Муаз, сага айтар осуятым: ар бир намаздан кийин "Аллахумма аъинни ъалаа зикрика ва шукрика ва хусни ъибадатика" деп айтканды такыр калтырба" - деди.

[Сахих (ишенимдүү)] - [رواه أبو داود والنسائي وأحمد] - [Сунан Абу Дауд - 1522]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Муаздын (Аллах андан ыраазы болсун) колунан кармап, ага мындай деди: Аллахка ант болсун, мен сени жакшы көрөм. Муаз, сага ар бир намазды окугандан кийин, бул дубаны айтууну осуят кылам: (Оо Аллах, Сени зикир кылууга мага жардам бер) таат-ибадатка жакындата турган бардык амалдар жана сөздөр менен. (жана Сага шүгүр кылууга жардам бер) жакшылыктарга жеткирип, жамандыктардан сактаганың үчүн. (жана жакшы ибадат кылууга жардам бер) Аллахка ыклас кылып, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көрсөткөн тартипте ибадат кылууга.

Хадистин пайдалары

  1. Аллах үчүн жакшы көргөн адамына аны жакшы көрөрүн айтуу шариятта уруксат.
  2. Ар бир парз жана напил намаздан кийин бул дубаны айтуу мустахаб.
  3. Бул кыска дубада дүйнө жана акыреттин жакшылыктары суралат.
  4. Аллах үчүн жакшы көрүүнүн пайдаларынын бири, акыйкат жолго насаат айтып чакыруу, такыбалыкта жана жакшылыкта жардамдашуу.
  5. Ат-Тибий минтип айткан: Аллахты зикир кылуу көкүрөктүн кеңейишине киришүү, Ага шүгүр кылуу кабыл боло турган жакшылыктарга жетүүгө ортомчу, талаптагыдай жакшы ибадат кылуу Аллах Тааладан алагды кылып койо турган нерселерден алыс кылат.
Котормолорду көрсөтүү
Тили: Алглисче Урдуча Испанча Дагы... (48)
Дагы...