+ -

عَنْ ‌وَرَّادٍ كَاتِبِ الْمُغِيرَةِ بْنِ شُعْبَةَ قَالَ: أَمْلَى عَلَيَّ الْمُغِيرَةُ بْنُ شُعْبَةَ فِي كِتَابٍ إِلَى مُعَاوِيَةَ:
أَنَّ النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ كَانَ يَقُولُ فِي دُبُرِ كُلِّ صَلَاةٍ مَكْتُوبَةٍ: «لَا إِلَهَ إِلَّا اللهُ وَحْدَهُ لَا شَرِيكَ لَهُ، لَهُ الْمُلْكُ وَلَهُ الْحَمْدُ، وَهُوَ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ، اللَّهُمَّ لَا مَانِعَ لِمَا أَعْطَيْتَ، وَلَا مُعْطِيَ لِمَا مَنَعْتَ، وَلَا يَنْفَعُ ذَا الْجَدِّ مِنْكَ الْجَدُّ».

[صحيح] - [متفق عليه]
المزيــد ...

Аль-Мугира бин Шуъбанын катчысы Варраддан риваят кылынат. Ал мындай дейт: "Мугира бин Шуъба мага Муавияга жазган катында айтты:
"Чындыгында, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ар бир парз намаздын аягында мындай деп айтчу: “Лаа илааха иллаллаху, уахдаху лаа шариика лаху, лахул мулку, уа лахул хамду, уа хува алаа кулли шай ин Кадиир. Аллахумма лаа мааниьа лимаа аьтойта уа лаа муутиьа лимаа манаьта, уа лаа йанфаьу зал жадди минкал жадду".

Сахих (ишенимдүү) - Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)

Түшүндүрмө

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ар бир парз намаздын аягында мындай деп айтат эле: “Лаа илааха иллаллаху, уахдаху лаа шакиика лаху, лахул мулку, уа лахул хамду, уа хува алаа кулли шай ин Кадиир. Аллахумма лаа мааниьа лимаа аьтойта уа лаа муутиьа лимаа манаьта, уа лаа йанфаьу зал жадди минкал жадду".
Мааниси: "Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок деген тавхид сөзүн тастыктаймын жана аны моюнга алам. Мен чыныгы ибадатты Аллахка кыламын жана андан башкага ибадат кылууну жокко чыгарамын. Анткени Аллахтан башкага сыйынууга татыктуу кудай жок. Чыныгы жана толук башкаруу Аллахка гана таандык экенин тастыктаймын. Асмандар жана жердеги адамдардын бардык мактоолору Аллах Таалага таандык. Анткени Аллах бардык нерсеге Кудуреттүү. Аллах эмне нерсени берүүнү же эмнени кайтарууну тагдыр кылса, аны эч ким кайтара албайт. Аллахтын алдында байдын байлыгы эч кандай пайда бербейт, бирок жакшы иш-аракеттер гана пайда берет".

Котормо: Алглисче Урдуча Индонезияча Уйгурча Бангалча Түркчө Сингалча Индияча Ветнамча Хаусача Телгиче Свахиличе Бурмача Тайландча Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сомаличе
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Намаздан кийинки бул зикирди айтуу сооптуу. Анткени анда тавхид жана мактоо сөздөрү бар.
  2. Сүннөткө баш ийүүгө жана аны жайылтууга шашылуу керек.
Дагы...