+ -

عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ قَالَ:
كَانَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَدْعُو وَيَقُولُ: «اللَّهُمَّ إِنِّي أَعُوذُ بِكَ مِنْ عَذَابِ القَبْرِ، وَمِنْ عَذَابِ النَّارِ، وَمِنْ فِتْنَةِ المَحْيَا وَالمَمَاتِ، وَمِنْ فِتْنَةِ المَسِيحِ الدَّجَّالِ». وفِي لَفْظٍ لِمُسْلِمٍ: «إِذَا فَرَغَ أَحَدُكُمْ مِنَ التَّشَهُّدِ الْآخِرِ، فَلْيَتَعَوَّذْ بِاللهِ مِنْ أَرْبَعٍ: مِنْ عَذَابِ جَهَنَّمَ، وَمِنْ عَذَابِ الْقَبْرِ، وَمِنْ فِتْنَةِ الْمَحْيَا وَالْمَمَاتِ، وَمِنْ شَرِّ الْمَسِيحِ الدَّجَّالِ».

[صحيح] - [متفق عليه]
المزيــد ...

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат:
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дуба кылып, минтип айтаар эле: "Аллахым, кабыр азабынан, тозок азабынан, жашоонун жана өлүм фитна-бүлгүнүнөн жана масих Дажжалдын фитна-бүлгүнүнөн сактоону Өзүңдөн суранам ". Муслимдин риваятында: "Акыркы ташаудду окугандан кийин төрт нерседен сактоону Аллахтан сурангыла: тозоктун азабынан, кабырдын азабынан, жашоонун жана өлүм фитна-бүлгүнүнөн, масих Дажжалдын жамандыгынан" деп келген.

Сахих (ишенимдүү) - Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)

Түшүндүрмө

Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намазда акыркы ташахуддан кийин, салам берүүдөн мурда төрт нерседен сактоосун Аллахтан суранат эле жана бизди да ушул нерселерден сактоону Аллахтан суранууга буйруган.
Биринчи: Мурзөдөгү азаптан.
Экинчи: тозоктогу азаптан, бул кыямат күнүнө тиешелүү.
Үчүнчү: тирүүлөрдүн фитна, азгырыгынан, тыюу салынган дүйнөлүк ышкы кумарлардан жана дүйнөнүн адаштыруучу шек-күмөндүү иштеринен. Ошондой өлүм фитнасынан, т.а. өлүм саатынан, ислам же сүннөттөн четтеп (өлүп) кетүүдөн, эки периштенин сурагы сыктуу мүрзөдөгү сыноолордон.
Төртүнчү: акыр заманда чыга турган масих Дажжалдын фитна, азгырыгынан. Аллах ал аркылуу пенделерин сынайт. Анын жеке өзүн зикир кылып айтканы, анын фитнасы жана адаштыруусу коркунучтуу болгондугу үчүн.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Телгиче Свахиличе Тайландча Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Гужаритиче Непалча Йорубача Дариче Сомаличе
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Бул сактануу сөздөрү дубанын эң зарылы жана толугу. Анткени, бул сөздөр дүйнөнүн да, акыреттин да жамандыктарынан сактоону өз ичине камтыйт.
  2. Кабыр азыбынын бардыгына далил, кабыр азабынын болору ак.
  3. Фитнанын коркунучтуулугу, андан кутулуу үчүн Аллах дуба кылуу, Андан жардам тилөө зарыл.
  4. Дажжалдын чыгуусу жана анын фитна-азгырыгынын күчтүүлүгү.
  5. Бул дубаны акыркы ташахуддан кийин айтуу жакшы.
  6. Ийги иш-амалдардын артынан дуба кылуу жакшы.
Дагы...