+ -

عَنِ ابْنَ مَسْعُودٍ رضي الله عنه قَالَ:
عَلَّمَنِي رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، وَكَفِّي بَيْنَ كَفَّيْهِ، التَّشَهُّدَ، كَمَا يُعَلِّمُنِي السُّورَةَ مِنَ القُرْآنِ: «التَّحِيَّاتُ لِلَّهِ، وَالصَّلَوَاتُ وَالطَّيِّبَاتُ، السَّلاَمُ عَلَيْكَ أَيُّهَا النَّبِيُّ وَرَحْمَةُ اللَّهِ وَبَرَكَاتُهُ، السَّلاَمُ عَلَيْنَا وَعَلَى عِبَادِ اللَّهِ الصَّالِحِينَ، أَشْهَدُ أَنْ لاَ إِلَهَ إِلَّا اللَّهُ، وَأَشْهَدُ أَنَّ مُحَمَّدًا عَبْدُهُ وَرَسُولُهُ». وفي لفظ لهما: «إِنَّ اللهَ هُوَ السَّلَامُ، فَإِذَا قَعَدَ أَحَدُكُمْ فِي الصَّلَاةِ فَلْيَقُلْ: التَّحِيَّاتُ لِلَّهِ وَالصَّلَوَاتُ وَالطَّيِّبَاتُ السَّلَامُ عَلَيْكَ أَيُّهَا النَّبِيُّ وَرَحْمَةُ اللهِ وَبَرَكَاتُهُ، السَّلَامُ عَلَيْنَا وَعَلَى عِبَادِ اللهِ الصَّالِحِينَ، فَإِذَا قَالَهَا أَصَابَتْ كُلَّ عَبْدٍ لِلَّهِ صَالِحٍ فِي السَّمَاءِ وَالْأَرْضِ، أَشْهَدُ أَنْ لَا إِلَهَ إِلَّا اللهُ، وَأَشْهَدُ أَنَّ مُحَمَّدًا عَبْدُهُ وَرَسُولُهُ، ثُمَّ يَتَخَيَّرُ مِنَ الْمَسْأَلَةِ مَا شَاءَ».

[صحيح] - [متفق عليه]
المزيــد ...

Ибн Масъуд (ага Аллах ыраазы болсун) айтат:
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менин алаканымды эки алаканын ортосуна кармап, ташахудду мага куду Курандын сүрөлөрүн үйрөткөндөй үйрөттү : "Саламдар, намаздар, жакшы сөздөр жана жакшы иш-аракеттер Аллахка таандык. (Аллахтын) тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сага болсун, о, пайгамбар. Бизге да, Аллахтын салих пенделерине да Аллахтын тынчтыгы болсун. Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок, Мухаммад Анын кулу жана элчиси" деп күбөлүк берем". Хадистин башка бир версиясында: "Чындыгында Аллах - бардык айып-кемчиликтерден Таза. Качан силердин бириңер намазда отурганда минтип айтсын: "Саламдар, намаздар, жакшы сөздөр жана жакшы иш-аракеттер Аллахка таандык. (Аллахтын) тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сага болсун, о, пайгамбар. Бизге да, Аллахтын салих пенделерине да Аллахтын тынчтыгы болсун". Ушуну айтса, Аллахтын асман-жердеги бардык кулдарына жетет. "Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок, Мухаммад Анын кулу жана элчиси" деп, андан кийин каалагандай дуба кылууга ыктыярдуу".

Сахих (ишенимдүү) - Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Абдуллах бин Масъудга (ага Аллах ыраазы болсун) намазда айтыла турган ташахудду үйрөттү. Ибн Масъуддун көңүлүн буруу үчүн анын колун кармады. Курандын кайсы бир сүрөсүн үйрөткөндөй үйрөткөнү, пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бул ташахуддун маанисине да, айтылышына да зор маани бергенине далил. Анан ал мындай деди: "Аттахияту лиллаах": Бул, улуктукту билдирген бардык иштер жана сөздөр, булардын баары Аллах Таалага ылайык деген маани. "Ас-Солаваату": Бул, белгилүү болгон парз жана напил намаздар Аллах үчун деген маани. "Ат-Тоййибаат": Бул, толуктукту билдирген сөздөр, иштер, сыпаттар баары Аллахка ылайык деген маани. "Ас-Салааму алайка аййухан-Набиййу ва рахматуллохи ва баркатух". Ага (пайгамбарга) апаат жана жамандыктардан саламаттыкты тилеп жана ага бардык жакшылыктын көбөйүп, мол болуусун суранып дуба кылуу. "Ас-Салааму алайнаа ва ъалаа ъибаадиллаахис-Соолихиийн": Намаз окуучуга жана асман-жердеги бардык салих пенделерге саламаттык тилеген дуба. "Ашхаду аллаа илааха ил-лаллооху": Аллахтан башка ибадатка татыктуу жок деп тастыктаймын. "Ва анна Мухаммадан ъабдуху ва расуулуху": Анын (пайгамбардын) пенде жана акыркы элчи экендигин тастыктаймын.
Муну айткандан кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намаз окуучуну каалаган дубасын кылууга үндөдү.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Телгиче Свахиличе Тайландча Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Гужаритиче Непалча Йорубача Дариче Сомаличе
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Бул ташахудду айта турган учур бардык намаздардын акыркы саждасынан кийинки отуруш жана үч, төрт ирекеттүү намаздардын экинчи ирекетинен кийинки отуруш.
  2. Ташахудда ат-тахияуну окуу важыб, пайгамбарыбыздан (ага Аллах ыраазы болсун) айтылган ташахуддун кайсы айтылышы болсо да айта берсе жайыз.
  3. Намазда өзүнө жаккан, бирок күнөө эмес нерсени дуба кылуу жайыз.
  4. Дуба кылганда биринчи өзүнөн баштаган жакшы.
Дагы...