عن أَبي هُرَيْرَةَ رضي الله عنه:
أنه كَانَ يُكَبِّرُ فِي كُلِّ صَلَاةٍ مِنَ الْمَكْتُوبَةِ وَغَيْرِهَا، فِي رَمَضَانَ وَغَيْرِهِ، فَيُكَبِّرُ حِينَ يَقُومُ، ثُمَّ يُكَبِّرُ حِينَ يَرْكَعُ، ثُمَّ يَقُولُ: سَمِعَ اللهُ لِمَنْ حَمِدَهُ، ثُمَّ يَقُولُ: رَبَّنَا وَلَكَ الْحَمْدُ، قَبْلَ أَنْ يَسْجُدَ، ثُمَّ يَقُولُ: اللهُ أَكْبَرُ حِينَ يَهْوِي سَاجِدًا، ثُمَّ يُكَبِّرُ حِينَ يَرْفَعُ رَأْسَهُ مِنَ السُّجُودِ، ثُمَّ يُكَبِّرُ حِينَ يَسْجُدُ، ثُمَّ يُكَبِّرُ حِينَ يَرْفَعُ رَأْسَهُ مِنَ السُّجُودِ، ثُمَّ يُكَبِّرُ حِينَ يَقُومُ مِنَ الْجُلُوسِ فِي الِاثْنَتَيْنِ، وَيَفْعَلُ ذَلِكَ فِي كُلِّ رَكْعَةٍ، حَتَّى يَفْرُغَ مِنَ الصَّلَاةِ، ثُمَّ يَقُولُ حِينَ يَنْصَرِفُ: وَالَّذِي نَفْسِي بِيَدِهِ، إِنِّي لَأَقْرَبُكُمْ شَبَهًا بِصَلَاةِ رَسُولِ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، إِنْ كَانَتْ هَذِهِ لَصَلَاتَهُ حَتَّى فَارَقَ الدُّنْيَا.
[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح البخاري: 803]
المزيــد ...
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат:
"Чындыгында, Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) ар бир парз намазда жана башка убакта, Рамазанда жана башка убакта рүкү кылып жатканда: "Аллаху Акбар" - деп такбир айтып, рүкүдөн турганда: “Самиьаллаху лиман хамидах” - деп айтып, андан кийин саждага барардан мурда "Раббанаа лакал хамду" деп айтчу. Андан кийин саждага жыгылганда "Аллаху акбар" деп такбир айтып, саждадан башын көтөргөндө "Аллаху акбар" деп такбир айтып, андан кийин кайра сажда кылып жатканда "Аллаху акбар" деп такбир айтып, андан кийин саждадан башын көтөргөндө "Аллаху акбар" деп такбир айтчу. Андан кийин эки сажданын ортосуна отурганы турганда “Аллаху акбар” деп такбир айтчу. Ал намазды бүтүргөнгө чейин ар бир рекетте ушундай кылган". Намазын окуп бүткөндөн кийин: "Менин жаным Анын колунда болгон Затка касам! Мен Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намазына эң жакын окшоштурдум. Чындыгында Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дүйнөнү таштап кеткенге чейинки намазы ушул болгон" - деп айткан".
[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих ал-Бухари - 803]
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намазынын сүрөттөлүшүнүн бир бөлүгүн риваят кылып мындайча кабарлап айткан: "Ал намазга турганда “Аллаху Акбар” деп такбиратул ихрамды айткан. Андан кийин “Аллаху Акбар” деп рүкү кылганда, саждага барганда, саждадан башын өйдө көтөргөндө, экинчи саждага барганда, саждадан башын көтөргөндө жана үч же төрт рекет намазда биринчи ташаххудга отургандан кийин алгачкы эки рекеттен турганда такбир айткан. Андан соң бардык намаздарды бүткүчө мына ошондой кылып окучу. Рүкүдөн далысын көтөргөндө: "Самиьаллаху лиман хамидах" - деп, андан кийин рүкүдөн тик турганда: "Раббанаа лакал хамд" - деп айткан".
Анан Абу Хурайра намазын окуп бүткөндөн кийин мындай дейт: "Менин жаным Анын колунда болгон Затка касам! Мен Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намазына эң жакын окшоштурдум. Чындыгында Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дүйнөнү таштап кеткенге чейинки намазы ушул болгон" - деп айткан".