عن حُذَيْفَةَ رضي الله عنه:
أَنَّ النَّبِيَّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ كَانَ يَقُولُ بَيْنَ السَّجْدَتَيْنِ: «رَبِّ اغْفِرْ لِي، رَبِّ اغْفِرْ لِي».

[صحيح] - [رواه أبو داود والنسائي وابن ماجه وأحمد] - [سنن ابن ماجه: 897]
المزيــد ...

Хузайфа (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат:
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эки сажданын ортосунда: "Раббигфир ли, Раббигфир ли" - (10) деп айтчу.

[Сахих (ишенимдүү)] - [Абу Дауд, ан-Насааи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган] - [Сунан Ибн Маажа - 897]

Чечмелөө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эки сажданын ортосунда отурганда: "Раббигфир ли, Раббигфир ли" - деп кайра-кайра кайталайт эле.
"Раббигфир ли" - дегендин мааниси: пенденин Раббисинен анын күнөөлөрүн кечирүүнү жана айыбын жабууну сурануусу.

Хадистин пайдалары

  1. Парз жана нафил намаздардагы эки сажданын ортосунда отурганда бул дубаны айтуу шариятта каралган.
  2. "Раббигфир ли" деп бир жолу айтуу важиб. Ал эми кайталап айтуу мустахаб.
Котормолорду көрсөтүү
Тил: الإنجليزية الأوردية الإسبانية Дагы (61)
Дагы